Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.11.2019 17:26

Кара-Көлдө Т.Усубалиевдин 100 жылдыгы кандай белгиленип жатат? Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 4-ноябрда Кара-Көл шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилеген иш-чаранын биринчи бөлүгү өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага шаардын мэри Ильяз Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Алгач Т.Усубалиев жөнүндө видеотасма көрсөтүлүп, андан кийин мэр И.Еркеев Токтогул ГЭСине Токтогул Сатылгановдун ысымынын ыйгарылышына Турдакун Усубалиевдин салымы чоң экенин айтып өттү.

«Токтогул ГЭСине Токтогул Сатылгановдун ысымынын ыйгарылышына салымы зор болгон экен. Болбосо ГЭС Казбек Хуриевдин ысымын алып калмак. Учурда Турдакун Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине ыйгарылып, шаардык кеңеш жана шаардык мэрия токтом чыгарып берди», - деди И.Еркеев

Андан соң шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев Т.Усубалиевдин кылган эмгектерине токтолду.

«Бул инсан өндүрүш, энергетика, мал чарбасына чейинки ишти өздөштүрүп, союз убагында СССРге чоң салым кошкон. Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кошкон салымы эбегейсиз зор. Биз көрбөсөк, жаш болсок дагы аталарыбыздын ал жөнүндө айткандары бар. Анын кылган эмгектеринин үзүрүн балдары, биз, азыркы муун көрүп жатат. Шаардык кеңеш Т.Усубалиев атындагы Күрп-Сай ГЭСи деп атоого токтом кабыл алып, эл өкүлдөрү колдоп бердик. Бул тарыхый чечим. Мындай инсандарыбызды даңктоо биздин милдетибиз», - деди Б.Кыргызалиев.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, гидрокуруучу Курманбек Арыков Т.Усубалиев жөнөкөй киши болгонун эскерди.

«Ак үйдү курууга Нарын ГЭСтин кызматкерлери катышканы барган. Анда биз жаш элек. Алты ай иштедик. Ошондо күн алыс келип, абалыбызды сурап, иштин жүрүшү менен таанышып турчу. Ал ызы-чуусу, коштоочулары жок эле, жөн гана унаасы менен келчү. 24 жыл бийликте туруу оңой эмес да. Азыркы чоңдор ушул адамдан үлгү алышса», - деди Курманбек Арыков.

Ал эми шар тургуну Валентина Севостьянова: «Бул кишини мен абдан жакшы билем. Кара-Көлгө көп келчү. Ал жөнөкөй кызматкерлер менен учурашып, ал-абалын сурачу. Мен Токтогул ГЭСтер каскадында тамак-аш менен камсыздоо тармагында эмгектендим. Бир жолу Турдакун Усубалиевич ашканага кирип, ашпозчулар менен учурашып, жасап жаткан иштерине ыраазычылык айткан. Анын ысымы Күрп-Сай ГЭСине берилип жатканына кубанып турам. Чындыгында ал киши ГЭСтердин курулушуна зор салым кошкон», - деди.

Ал эми Токтогул ГЭСтер каскадынын директору Алмаз Кушубаков Турдакун Усубалиевдин ысымынын Күрп-Сай ГЭСине ыйгарылышында зор мээнет жатканын айтты.

«Биз архивдик маалыматтар менен тааныштык. СССРдин тарыхында биринчи жолу чоң кубаттуу ГЭС курулат деген жаңылык болуптур. Т.Усубалиев Нарын суусу бөгөлүп, 1-бетон алынып, 1-агрегат пуск болуп жатканда ишти өзү көзөмөлдөгөн экен. Москвадагы заводдордун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, графиктерин алдыга жылдырып, чоң мээнет жумшаптыр. Ошондуктан биздин сунуш колдоо таап, анын ысымы Күрп-Сай ГЭСине берилип жатканына ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган салтанаттын биринчи бөлүгүндө мамлекеттик жана саясий ишмердин өмүр баяны, өлкө үчүн жасаган иштери айтылды. Окуучулар ыр түрмөктөрүн айтышып, маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Т.Усубалиевдин ГЭС куруу иштерине катышкан учуру театралдаштырылды. Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү 5-ноябрда Күрп-Сай ГЭСинде Т.Усубалиевдин бюстун ачуу менен жыйынтыкталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×