Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.11.2019 11:24

Милициянын улук лейтенанты Т.Сейитовго ЖККУнун төш белгиси тапшырылды

Turmush -  Бүгүн, 4-ноябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

ЖККУ тарабынан өткөрүлгөн «Бузулгус бир туугандык – 2019» бирдиктүү машыгуусуна активдүү катышып, өзүнө берилген милдеттерди так аткаргандыгы үчүн «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командиринин орун басары, милициянын улук лейтенанты Тынычбек Сейитовго мааракелик төш белги ыйгарылды. Ошондой эле өздөрүнүн кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылганы, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо зор салым кошкону үчүн жана кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине карата бир катар кызматкерлер ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×