Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.11.2019 10:58 На русском

«Бир «КамАЗ» жоокер минага жарылган»: Баткен окуясынын ардагери М.Молдомусаевдин эскерүүсү (сүрөт)

Turmush -  Баткен окуяларынын Кара-Көл шаарындагы ардагерлер кеңешинин төрагасы Майрамбек Молдомусаев учурда Токтогул ГЭСинде адис (скалолаз) болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кара-Көл шаарынан Баткен согушуна 19 жоокер катышкан.

«Анын 18и бар, бирөө — Мамытов Эдил учурда арабызда жок, кайтыш болуп калды. Ал окуялар башталган учурда Эдил Мамытов чек арачы болуп жоокерлик кызматын өтөп жаткан. Бул жигитибиз тунгуч президент Аскар Акаевдин колунан «Эрдик» медалын алган.

Баткен окуяларында кирип келген куралчан адамдар чыгып кетип жатып, Зардалы айылындагы үңкүргө 11 тонна ок-дары, куралдарды бекитип кеткен экен. Алар кийин дагы келебиз деп ойлошуптур. Ал убакта атайын чалгынчылардын маалыматы менен 1200 адам Баткенге кирген деп укканбыз. Алар чет өлкөдө машыгып, Жума Намангани башында турган 1200 адам бизге кирген. Ошол 11 тонна куралдын ичинде ар кандай учактарды атып түшүрө турган «Стингер» деген дагы курал бар болчу. Ошол сыяктуу күчтүү куралдар кайра душмандын колуна тийгенде Кыргызстан оор акыбалга туш болмок. Ал кезде эл укпасын деп ушундай буйрук берилгенби айтор, бир «КамАЗ» жоокер минага жарылганы тууралуу эч бир тарапка айтылбай, жашыруун бойдон калган. Алардын арасында биз менен чогуу болгон балдар ар кандай жаракат алып, майып болушту. Алардын бири учурда биздин ШИИБде эмгектенип келет. Ошол 11 тонна курал душмандын колуна тийбегенине кубанабыз.

Өзүм ал жакка келишимдик негизде бардым. Аскердеги жоокерлердин санын көбөйтүү керек болуптур. Мен өзгөчө багыттагы батальонго чакырылдым. Себеби мен аскерде снайпер болуп кызмат өтөгөндүктөн, статусум туура келди. Ош шаарында №36806 бригадада кызмат өтөдүм. Баткен согушунда Ай-Көл, Чуңкур-Булак, Көк-Таш, Кур-Бакада кызмат өтөп, чалгындоо иштерине катыштым. 2 жолу аттышуу болду. Анын бири 11-августта башталды. Жаныбызда Кой-Таштан келген спецназдар бар эле. Алардан биринчи атышууда 14 жоокер каза таап, бизден 4 бала курман болду. Бул кол салууга туруштук бере алдык. Анан 26-октябрда мени Ошко парадга жөнөтүштү. Ошол күн Баткен окуясындагы жеңиш күнү катары аталып калды», - деди ардагер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×