Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 01.11.2019 18:18

Таш-Көмүр шаардык кеңешине жаңы төрага шайланды

таш-кумыр
таш-кумыр

Turmush -  Сагынбек Кудайбердиев Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Маалым болгондой, 31-октябрда шаардык кеңештин кезексиз сессиясы болуп, анда уюштуруу малелеси каралган. Сессияга 31 депутат толук катышып, күн тартибине шаардык кеңештин төрагасын шайлоо маселеси киргизилди.

Төрагалыкка эки талапкер көрсөтүлүп, шайлоо жабык түрдө өттү. Жыйынтыгында көпчүлүк 18 добуш менен шаардык кеңештин депутаты Сагынбек Кудайбердиев төрага болуп шайланды.

Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович 1985-жылы Таш-Көмүр шаарында төрөлгөн. Шаардык кеңештин 3 жолку депутаты, соңку ирет «Таш-Көмүр жаштары» саясий партиясынан депутат болуп шайланган. Меңдигулов атындагы аймактык башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.

Ал эми Таш-Көмүр шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы С.Сансызбаев өз каалоосу менен кызматынан кетип, кийин жол тейлөө ишканасына жетекчи болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×