Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.11.2019 14:57 Жаңыланды: 08.11.2019 22:30

Айыл турмушу: Мугалим Б.Мүсүралиев бай тажрыйбасы менен бөлүштү

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 60 жаштагы тургуну Байышбек Мүсүралиев 41 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Учурда Д.Шопоков атындагы мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштеп жаткан Байышбек Мүсүралиев өзүнүн автордук үч китебин жарыкка чыгарды. Анын «Кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун азыркы маселелери», «Кыргыз тилинин сөздүк байлыгынын өсүшүндөгү маселелер» аттуу окуу-усулдук колдонмо китептери жарык көрүп, мектеп мугалимдерине, студенттерге арналды.

Автордун айтымында, китептерде илимий көз караштар, адабий талдоолор, окутуунун технологиялары, ойлор, сунуштар, пикирлер камтылган.

«Китептер ЖАМУ тарабынан сүнушталган. Ал эми менин иш тажрыйбам тууралуу чыгарылган китепте сабактардын иштемелери, мугалим жөнүндө пикирлер, арноо ырлары жана 10дон ашык ырым киргизилди. Бул үч китеп тең Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан чыгарылды», - деди Б.Мүсүралиев.

Октябрь айында «Оюмда сенсиң, дилимде сенсиң, эне тил!» аттуу республикалык илимий-практикалык конференцияда Б.Мүсүралиев өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшкөн. Иш-чарага өлкөнүн булуң-бурчунан мугалимдер келип катышкан. Б.Мүсүралиев илимий конференция кыргыз тилинин 30 жылдыгына жана Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата өткөрүлгөнүн белгиледи.

«Иш-чара республикалык деңгээлде өткөрүлдү. Мында мен көп жылдык иш тажрыйбам менен бөлүштүм. Бир четинен көп жылдык ишимдин жыйынтыгы катары элге отчет бергим келди. Анда жарык көргөн автордук үч китебим презентацияланды. Мугалимдик кесип илимий изденүүнү, билим алууну гана эмес чыгармачылыкты да талап кылат экен. Мен эргүү келгенде ыр жазам. Учурда 10дон ашык ырым жаңы жарык көргөн китебимдин бирине киргизилди. Алардын басымдуу бөлүгү мугалим, мектеп темасына арналган», - деди Б.Мүсүралиев.

Байышбек Мүсүралиев 1959-жылы Ноокен районунун Сакалды айылында төрөлгөн. 1987-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Ишиндеги жетишкендиктери:

- 2007-жылы мугалимдердин республикалык 2-съездинин делегаты;

-2008-2010-жылдары республикалык педагогикалык окуулардын докладчысы;

-2011-жылы эл аралык илимий конференциянын катышуучусу;

- 2012-2013-жылдары илимий - методикалык 2 китеби чыгарылган.

Сыйлыктары:

- 1995-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы;

- 2004-жылы «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси;

- 2006-жылы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ардак грамотасы; -

- 2007-жылы Кыргыз билим берүү академиясынын ардак грамотасы;

- 2010-жылы «2010-жылдын мыкты мугалими» наамы;

- 2011-жылы «Кыргыз тили» төш белгиси; - 2014-жылы «ЖАМУнун эмгек сиңирген кызматкери» төш белгиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×