Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 31.10.2019 09:59

Аксынын Чие айылында сарай жана малдын тоюту өрттөнүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Аксы районунун Чие айылында сарай жана малдын тоюту өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Көкүм бий көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен сарайдын 24 чарчы метр чатыры, 170 түк чөп, 80 боо жүгөрү паясы күйүп кетти. Өрт балдардын шоктугунан улам чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×