Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 30.10.2019 12:27

Базар-Коргондогу уулануу: 11 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда

Turmush -  Базар-Коргон районунда кышкы салатка ууланып, ооруканага түшкөн 8 адамдын үчөө үйүнө чыгарылды. Бирок 11 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы Базар-Коргон аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Батырбек Субанкуловго шилтеме берүү менен билдирди.

Дарыгердин айтымында, уулангандар 20-октябрда ооруканага түшкөн. Келгенде эле 45 жаштагы эне менен 11 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

«25-октябрда энеси өзүн жакшы сезип, аны жугуштуу оорулар бөлүмүнө которгонбуз. Ал эми кыз жандандыруу бөлүмүндө аппарат менен дем алып жатат. 10 күн өтсө дагы абалы күн сайын начарлап жатат. Азыр аппараттын жардамы менен дем алып, дары-дармектер берилип жатат», - дейт дарыгер.

Мындан сырткары ал учурда жугуштуу оорулар бөлүмүндө 4 бейтап дарыланып жатканын, алар дагы жакында үйүнө чыгарыларын кошумчалады.

Буга чейин Базар-Коргондо 10 адам кышкы салатка ууланып, ооруканага түшкөнү маалымдалган. Ууланган 8 адам райондук ооруканага, ал эми 2 адам Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×