Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.10.2019 11:27 На русском

Балдызын баңгизатка азгырган жезде, соодалашкан баңги төбөл: Полковник Н.Жолоевдин иш учурундагы окуялары

Полковник милиции Нурбек Жолоев
Полковник милиции Нурбек Жолоев
// Turmush

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн юристи, милициянын полковниги Нурбек Жолоев өмүрүн кылмыштуулук менен күрөшүүгө арнаган милиция кызматкерлеринин катарында турат. Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесин утурлай Нурбек Жолоев иш учурундагы кызыктуу окуяларды айтып берди.

Нурбек Жолоев 1968-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Ал убакта ата-энеси студент болгон. Бала чагы Сузак районуна караштуу Октябрь айылында өткөн. Жаш кезинде эле милиция кызматкери болууну эңсечү. 1985-жылы айылдагы Мичурин атындагы мектебин аяктаган соң, билимин өркүндөтүү үчүн Москвага кеткен.

«Ал мезгилде Бишкекте гана милициянын мектеби бар болчу. Кыргызстанда жападан жалгыз милициянын мектеби болгондуктан ал жайга кирүү кыйын эле. Кызматтагы адамдардын балдарынан ашпай турганы эл ичинде айтылып калчу. Мугалимдердин балдарына ал жактан орун табылышы кыйын болчу. Ата-энем мени "Россияга барып окуп келсең, милицияга кирүү жеңил болот. Ошол жактан билимиңди өркүндөтүп, жакшы окуп кел" дешти. Ошентип Россиянын Оренбург шаарындагы педагогикалык институтта орус филология факультетинде билим алдым. 1992-жылы окуумду аяктап, мекениме кайтып келдим.

Үмүтүмдү үзбөй, окуудан келгенден кийин милиция кызматкери болуу үчүн тийиштүү жерге кайрылып, медициналык комиссиядан өтүп, документтеримди тапшырдым. Жообун күткөнчө 9 ай мектепте мугалим болуп иштеп жүрдүм. Экинчи жолу барганымда ОИИБдин ошол убактагы башчысынын орун басарына түз кирип, милиция кызматкери болгум келгенин жана тиешелүү документтерди тапшырганымды айттым. Ал инсан дагы кадр керектигин айтып, кайрадан медициналык комиссиядан өтүп келүүнү өтүндү.

Ошентип, документтер толтурулуп, буйрук дагы чыкты. 1993-жылдын август айында облустук ички иштер башкармалыгынын кадр бөлүмүндө иш кагаздар боюнча ишке орноштум. Бул мен үчүн чоң жетишкендик болгон. Бирок мен кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүндө иштегим келген эле. Жетекчиликке мени башка бөлүмгө которууну өтүнүп, кайра-кайра кат жаздым. Менин суранычымды эске алышып, 1995-жылы баңгизаттарга каршы күрөшүү бөлүмүнө которушту», - дейт Нурбек Жолоев.

Ал баңгизаттарга каршы күрөшүү бөлүмүндө иштөө оңой болбогонун айтат. Анткени 1990-жылдары жаштар арасында баңгизат колдонуу модага айланып кеткен. Ооганстандан Тажикстанга өткөн баңгизаттар Кыргызстанга да тарап, аны колдонгондор болгон. Облуста 7-8 жерде баңгизат саткан түйүндөр пайда болгон. Баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмү бул боюнча иш алып барып, түйүндөрдү түп тамырынан жок кылышты.

«1991-2003-жылдарга чейин баңгизатка каршы күрөш күч болуп турду. Бул аралыкта баңгизат сайынгандар каза болушту. Тамырга баңгизат саюунун аягы жакшы болбостугун көбү түшүндү. Тынымсыз түшүндүрүү иштерин колго алуу менен азгырылып жаткан адамдардын саны азайды. Бул тармакта иштеп жүрүп, жүрөк ооруткан түрдүү тагдырларды көрдүк.

Жалал-Абаддын Спутник шаарчасында баңгизат сайынган жаш, сулуу кыз бар эле. Анын бир тууган жездеси бутуна туруп, жетишкен үй-бүлө болуп калгандан кийин тааныштарынын азгырыгына кошулуп, «чыныгы кайфты дагы көрөлү» деп баңгизат сайынышкан. Аны 1-2 жолу сайынганда эле көз карандылык пайда болот. Анан ал аялын, андан кийин бир тууган балдызын да азгырган. Өкүнүчтүүсү алардын тагдыры өлүм менен аяктады.

Дачада дагы түгөйлөр баңгизат сайынышчу. Алардын баласы бар болчу, анын тагдыры бизди көп ойлондурду. Сайынбоого көп жолу аракет кылышты, бирок көз карандылыктан чыга алышкан жок. Бул түгөйлөр дагы жаш кезинде эле дүйнө салышты. Баланы аялдын Москвадан келген бир тууган эжеси алып кетти.

Сот тармагында иштеген бир жигиттин тагдыры да баңгизаттан улам талкаланган. Ата-энеси, кайын атасы да бай, жетишкен үй-бүлөдө чоңойгон. Ал убакта эч кимде жок «Жигули» унаасы анда болгон. Ал дагы азгырыктан улам баңгизат сайынып жүрүп, акыры тагдыры талкаланды.

Тынымсыз күрөшүүнүн артында баңгизат саткан түйүндөр жок болду. Ийне сайынгандар азыр деле бар, бирок саны кескин азайды», - дейт полковник.

Баңги төбөл «Бабаханды» тузакка илгенде

Нурбек Жолоев кызмат учурунда Кара-Көлдөгү баңги төбөлдү колго түшүргөн окуяны унутпайт.

«1997-жылдары май айында бөлүм башчыбыз, кызматкерлер болуп иш сапарга жөнөдүк. Кара-Көл шаарында жолдон унааларды текшерип жаттык. Текшерүү учурунда 26-28 жаштардагы жигит тердеп, калтырап баштады. Текшерсек, байпагында 0,1 грамм баңгизат табылды. Ал өлчөм менен аны жоопкерчиликке деле тарта алмак эмесмин. Аны менен маектешүүдө ал баңгизат сатуу менен алектенген адам тууралуу маалымат берди. Ал «Бабахан» деген каймана аты менен белгилүү адам болуп чыкты. Ал шаарда баңгизат менен алектенгендерди көзөмөлдөйт экен. Маалымат берген жигит экөөбүз айтылган дарекке жөнөп кеттик.

Бир нече күн иш сапар менен жүргөндө сакал албай калабыз да. Кир курткамды кийип, сакалым өскөн абалда, «КамАЗ» унаасынын айдоочусундай болуп, эки бөтөлкө арак көтөрүп, баңги төбөлгө кирип бардым. Россияга жашылча жүктөп бара жатканымды, баңгизат да жүктөй кетейин деген оюмду айттым. Ал эки адамды чакыртты, кийин дагы бир адам кошулду. Алардын арасынан бирөө убактылуу кармоочу жайда отуруп чыккан экен. Ошонусу мени карап, «бул мент» деп баштады. Сөздү башкага буруп жибердим, беркилер маани бербей калышты. Менден күмөн санаган адамга ичимдикти көбүрөөк куя баштадым. Ал мас болуп, уктап калды. Бир топ убакыттан кийин алар баңгизат тарта башташты. Анан бири 50 килограммдык мүшөккө толгон марихуана, 3 литрлик банкага салынган зат, кичинекей кутучага салынган гашиштерди алып чыкты. Акчасын баалаштык.

Анан мен «КамАЗды» айдап келем деп айтып, сыртка чыктым дагы кесиптештериме жетип келдим. Аларга жагдайды түшүндүрүп, кайра «КамАЗды» айдап бардым. Акчасын берип жатканда алар колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Таң калганым, баңги төбөл убактылуу кармоочу жайда жатканда бети бырышка толуп кетти. Баңгизат чекпей калгандыктан ушундай болуп жатканын жанындагылар айтышты. Бул окуя боюнча 7 факт менен кылмыш иши козголуп, 18 килограмм баңгизат алынды.

Бир ирет Арстанбапка бардым. Ал жакта «Көпөсчү» деген каймана аты бар карыяга баңгизат жеткирип беришет экен. Ага Андижан аймагынан келгенимди айтып барсам, жашаган көчөмдүн атын сурады. Ал учурда ар бир шаарда, райондо Ленин көчөсү бар болчу. Дароо эле Ленин көчөсүндө жашай турганымды айттым. Ишенип калды. Алар менен кардар катары сүйлөшүүдөн кийин 6-7 кг баңгизат кармаганбыз», - дейт Н.Жолоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×