Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусу, Озгон 29.10.2019 17:35 На русском

Сүрөт — Өзгөндөгү Караханий мамлекетинин хандарынын сөөгү коюлган күмбөздөр

Turmush -  Өзгөн шаарындагы XI кылымдын аягы XII кылымдын башындагы Караханий мамлекетинин дооруна таандык болгон күмбөздөрдүн чатыры оңдолуп, жаңы табылгалар сакталуучу музей пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу, Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев, «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин башчысы Султан Абдыракманов жана башка жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Тарыхый күмбөздөрдү реконструкциялоо иштери чет өлкөлүк маданий мурастарды сактоо фонду тарабынан каржыланган. Маалыматка караганда, күмбөздөрдү реконструкциялоого жалпы 150 миң доллар бөлүнүп, жумуштар 5 жыл мурун башталган.

Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей-комплексинин башчысы Турарбек Абдрахмановдун айтымында, буга чейин тарыхый күмбөздөрдүн чатырынан суу өтүп, урап калуу коркунучунда болгон. Аны алдын алуу үчүн республикалык бюджеттен дагы 7 млн сом бөлүнгөн.

«Алгач чатырын темир тосмо менен тосконбуз. Темир түркүктөр, чатырлар алынып, күмбөздүн чатыры мурдагыдай абалга келет. Бирок эми суу өтпөй, кургак турат», - деди Турарбек Абдрахманов.

«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин башчысы Султан Абдыракманов эми тарыхый жайлардан табылган экспонаттар жаңы ачылган музейде сактала турганын кошумчалады.

«Бул жерге Өзгөндөгү музейде сакталган экспонаттардын 60 пайызы гана алынып келди. Азыр соңку X кылымдан бери топтолгон археологиялык табылгаларды сактап жатабыз. Аларды ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүгө аракет кылабыз», - деди ал.

Өзгөндөгү күмбөздөр ортоңку, түндүк, түштүк болуп аталып келет. Ортоңку күмбөздөр XI кылымдын башында курулуп, ал жерге Караханид мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн биринин сөөгү коюлган. Ал эми 1153-жылы курулган түндүк күмбөзгө караханийлердин башчысы Наср Ибн Алинин чөбөрөсүнүн (ал дагы караханийлердин ханы болгон) сөөгү коюлса, 1187-жылы курулган түштүк күмбөзгө Караханий мамлекетинин аскер башчыларынын сөөктөрү коюлганы айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×