Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 29.10.2019 16:01

Аксыдагы мектеп жер көчкү басып калуу коркунучунда. Сүрөт

Turmush -  Аксы районунда жер көчкү жаракасы мектепке коркунуч жаратууда, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Өлөң-Булак айылында ушул жылдын сентябрь айында көчкү жүрүп, №28 Масалбек Шатманов атындагы орто мектепке жакын жолду бөгөп калган. Мектептин директору Адылбек Сулаймановдун айтымында, жамгыр жааган күндөрү ата-энелер балдарын мектепке жиберүүдөн баш тартышат.

«Мектеп Карагул-Чок тоосунун этегинде жайгашкан. 1994-жылы жер көчкү жүрүп, бир топ чыгаша алып келген. Буга чейин дагы жер көчкү жүрүп, эки турак үй топурак алдында калган. Быйыл сентябрь айынын ортосунда жамгыр жаап, пайда болгон чоң жаракадан топурак түшүп, жолду бөгөп калды. Ошол учурда сабак өтүп жатканбыз, балдар мектептин ичинде болчу. Бактыга жараша окуучуларга зыян тийген жок. Жолдогу кыймылга убактылуу чектөө киргизилип, айыл өкмөттөн техникалар келип, жол тазаланды. Ошол окуядан кийин айрым ата-энелер жамгыр жааганда балдарын мектепке жибергенден кооптонуп жатышат.

Буга чейин өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев келгенде дагы көрсөткөнбүз. Андан кийин 350 балага ылайыкташкан жаңы мектепти курууга сметалык баасы эсептелген, бирок баары каражаттын жоктугуна келип такалып турат», - дейт ал.

Бул маалыматты Кашка-Суу айыл аймагынын башчысы Улукбек Керимкулов дагы тастыктап, кооптуулук жаратып жаткан мектепти жылдыруу боюнча өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тарабынан тапшырма берилгенин, курула турган мектептин сметалык баасы 67 млн сом болору айтылганын билдирди.

«Буга чейин көчкү жүрүп, эки үйдү басып калган. Үйдө эч ким жок болгондуктан, эч ким жабыркаган эмес. Азыр ошол жерде мектеп бар, окуучулар жана андагы кызматкерлерге кооптуулук жогору», - деди ал.

М.Шатманов атындагы мектеп 1964-жылы курулуп, колдонууга берилген. Учурда анда 28 мугалим 400дөй окуучуга билим берип келет. Ал эми Өлөң-Булак айылында 450 кожолук бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×