Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 29.10.2019 12:53

Ноокенде жеңил унаа жардан кулап, жубайлар мерт кетти. Сүрөт

Turmush -  Ноокен районунда жеңил унаа жардан кулап, эки адам мерт кетти. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн тастыкташты.

Кырсык Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл аймагынын Кызыл-Кыя айылы аркылуу өткөн Бүргөндү—Майлуу-Суу унаа жолунун 79-чакырымында болгон. Ош—Бишкек багытын көздөй бара жаткан «Мерседес-Бенц 220» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги жардан кулап кеткен. Аны Майлуу-Суу шаарынын 63 жаштагы тургуну Т.И. башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана анын 58 жаштагы жубайы окуя болгон жерде көз жумду.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×