Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 28.10.2019 17:04

Айыл турмушу: Аксыда банан өстүргөн багбандын баяны (сүрөт)

Turmush -  Аксы районунун 32 жаштагы тургуну Иляс Кочкоров 1,5 жыл мурун банан эгип, быйыл ал түшүм берип баштады. Багбан менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2005-жылы мектепти аяктаган. Андан соң Бишкек шаарындагы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде транспорттук машина куруу адистиги боюнча билим алган. Окуу жайды 2010-жылы аяктап, борбордо бир аз эмгектенген.

«Өзүмдүн кесибим боюнча жумуш таба албай, Россияга иш издеп кеттим. Ошол бойдон ал жакта курулуш тармагында эмгектенип жүрдүм. Келгенден кийин багбанчылык менен алектене баштадым. Банан эккениме бир жарым жылдай убакыт болду. Апам мектепте мугалим болуп эмгектенгендиктен, анын кесиптеши үйүнө банан эккенин угуп калдым. Менде дагы кызыгуу пайда болуп, мындан улам эки түп банандын көчөтүн алып келип эктим. Быйыл ал түшүм берип баштады», - дейт И.Кочкоров.

Ал быйыл күнөскана курууну пландап жатканын айтат.

«Бул өсүмдүк ысыкты аябай сүйөт. Башында алып келгенде үйдүн ичинде гүл челекке отургузуп карадык, аз убакыттын ичинде өсүп кетти. Кийин короого эккенибизде апам гүлгө кам көргөндөй түбүнө кык салып жүрүп, дарагы бат эле өсүп кетти. Ошондой эле бул өсүмдүк бат көбөйөт экен. Башында эки гана көчөт болсо, азыр ондон ашты. Ал эми кышкысын жалбырактарын балта менен чаап салып, көчөтүн чүпүрөк менен ороп чыгабыз, ошентип кыштан үшүбөй чыгып кетет. Быйыл түшүм берип баштагандыктан кышында чакан күнөскана курууну пландап жатам», - деди багбан.

Ал үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×