Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 25.10.2019 15:04

Сүрөт — Базар-Коргондо тургундар жаңгак терүүгө тыюу салынганына нааразы

Turmush -  Базар-Коргон районундагы «Дашман» мамлекеттик коругундагы жаңгак токойго жергиликтүү тургундар ар тараптан кирип, жаңгак терип жатышат. Бул тууралуу «Дашман» мамлекеттик коругунун директору Кочкорбай Калдарбаев билдирди.

Анын айтымында, коруктан жаңгак терүүгө департаменттен тыюу салынган.

«Биз жергиликтүү тургундарга 25-сентябрдан бери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Бирок ага карабастан жашоочулар корукка ар тараптан кирип, биздин кызматкерлерге баш ийбестен жаңгак терип жатышат. Коруктагы жаңгак терилбеши керек эле. Азыркы тапта токойдо жаңгак көрбөйсүң деп жатабыз. Бирок тургундар жалбырактын астынан бери тазалап терип кетишти», - деди К.Калдарбаев.

Ал эми Арстанбап айылдык кеңешинин төрагасы Жасурбек Абдухалиловдун айтымында, «Дашман» мамлекеттик коругунун кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестиктер жаралууда.

«Арстанбап айыл аймагы тоолуу аймак болгондуктан жергиликтүү жашоочулардын негизги кирешеси жаңгак, козу карын жана башка мөмө-жемиштер болуп эсептелет. Жазында тургундар козу карын терүү менен алектенишет. Корук болуп түзүлгөнүн убагында эл билген эмес. Кийин жашоочулар ал жерге жаңгакка кире албай калышкан. Учурда тургундар «Дашман» коругун элге өткөрүп берүүнү талап кылууда», - деди ал.

Маалыматка караганда, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү өкмөткө, Жогорку Кеңештин депутаттарына «Дашман» мамлекеттик коругун улуттук паркка айландырып берүү өтүнүчү менен кат жолдошкон.

«Дашман» мамлекеттик коругу мындан 7 жыл мурда түптөлгөн. Анын жалпы аянты 9958 гектар болсо, анын ичинен жаңгак токой 4600 гектарды түзөт.

Базар-Коргон районунда 6 токой чарба жана 1 «Дашман» мамлекеттик коругу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×