Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 25.10.2019 10:35

Аксылык Таланттын кочкору Казакстанга 175 миң сомго сатылган. Сүрөт

Turmush -  Аксы районуна караштуу Кербен шаарынын тургуну Талант Маматов дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенет. Ал мал чарбасындагы кочкорду былтыр Бишкектен келген малчыга 125 миң сомго саткан. Ал кочкорду бир аз байлап, Казакстандан келген адамга 175 миң сомго саткан.

Талант Маматов Кербен шаарындагы мектепти аяктаган соң, жогорку окуу жайдан экономист адистигине ээ болгон. Диплом алгандан кийин районго келип жумушка орношкон. Үй-бүлө күтүп калгандыктан маянасы аз болуп, кыйынчылыкка кабылган. Үч ай өз кесиби менен иштеген соң жумушун таштап, дыйканчылык кылууга бел байлаганын айтат. Тактап айтканда, 2000-жылдан тарта жер иштетүүгө өткөн.

Алгачкы жылы эле картошкасы мол түшүм берип, килограммын 2,8 сомдон сатып, жакшы киреше тапкан. Ошондой эле 4 гектар жерге алма жана өрүктүн көчөтүн тиккен. Эми алардан дагы түшүм алууну пландап жатат.

2005-жылы дыйканчылыктан түшкөн бир жылдык кирешесине Чүй облусунан 17 гиссар породасындагы кочкор алган. Алардын төртөө тукум алууга жарап, калганын саткан. Ал жылына 50 миң сомдон жогорку баага кочкор сатып алат. Аны тандоого дагы өзгөчө көңүл бурат. Учурда анын чарбасындагы кочкорлор базарда 30 миң сомдон жогору сатылат. Ал эми козулар 10 миң сомдон 25 миң сомго чейин бааланууда.

Ал 2017-жылы «Беш-Коргон» асыл тукум чарбасын түптөгөн.

10

Талант Маматов тууралуу кенен маалыматты «Кыргызстандагы ийгиликтүү 120 фермер» журналынан окуй аласыз. Журнал өлкөнүн бардык аймактарында сатылып жатат.

Журналдын өзгөчөлүгү — жалпы республикада дыйканчылыкты, мал чарба, балык жана аары чарбасын жана башка багыттагы чакан жана ири ишкердикти алдыга сүрөгөн адамдар, алардын ишмердүүлүгү, жетишкендиктери, ой-пикири, көйгөйлөрү тууралуу маалыматтардын бир аянтчада топтолгонунда.

Андагы фермерлер — айылдан миллиондогон киреше тапкан эмгекчил адам жана мол тажрыйбанын ээси.

Журналдын баасы — 1000 сом. Анда фермерлердин дареги, телефон номурлары камтылган.

Журналды сатып алуу үчүн байланыш номуру:

- Ош облусу - (3222) 2-18-04;

- Ысык-Көл облусу - (554) 65 60 48;

- Талас облусу - (554) 65 60 23;

- Баткен облусу - (3622) 5 04 14;

- Нарын облусу - (554) 65 60 12;

- Жалал-Абад облусу - (554) 65 60 51.

Ошондой эле (312) 45 66 72, (312) 65 02 04, (550) 091 824 номурлары байланышта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×