Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 25.10.2019 09:46

Ноокендин Кызыл-Туу айылынын тургундары нааразычылык билдирип чыгышты

Turmush -  Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылынын тургундары нааразычылык билдирип чыгышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, нааразы тарап 2016-жылдан бери иштеп келе жаткан айыл өкмөттүн балансындагы таштанды талаасын жаап, чек коюуну талап кылышууда.

Айыл тургуну Орунбүү Бакирова таштандынын айынан жаш балдар арасында котур оорусу күч алганын айтат.

«Бул таштандынын башы мындайча башталган. Ал учурда айыл өкмөт башчы Махмуд деген жигит болчу. Биздин айыл четте жайгашкандыктан менден айыл элинен макулдук алып берүүнү суранган, биз да түшүнбөй эле макулдук бергенбиз. Ошол учурда ал бизге адырдын арасынан 200 миң сомго таштанды таштай турган жер каздырганын, ошол толгончо айыл өкмөттүн аймагындагы таштандылар ошол жерге төгүлүп турарын, кийин кайра ал жерди көмүп саларын билдирген. Бирок арадан убакыт өтүп, ал жердин аянты көбөйүп, кароосуз кала баштады.

Кийинчерээк ар ким таштандысын алып келип төгүп, ал жерден чыккан жагымсыз жыт айылды каптап, жайкы саратанда үйүбүзгө чымын-чиркейлер толуп, аба булганды. Адырдагы жайытка мал кайтарганы чыккан жаш балдарыбыз таштандыны чукулап, мындан улам котур оорусу күч алды. Жергиликтүү бийликтен бул таштанды жайды көзөмөлдөгөн адам жок. Айыл өкмөт башчыбызга кайрылганыбыз менен такыр жылыш болгон жок. Мына ушул маселе чечилсе жакшы болмок», - деди айыл тургуну О.Бакирова.

Айыл тургундары бул талаага таштанды таштоо мыйзамсыз экенин билишкенин айтат.

«Биз алгач райондун акимине, райондук прокуратурага, Масы айыл өкмөтүнүн башчысына, Экотехинспекциянын Ноокен, Базар-Коргон райондору жана Майлуу-Суу шаары боюнча башкармалыгына, ошондой эле «Тазалык» муниципалдык ишканасына кайрылганбыз. Жакында эле таштанды төгүлгөн жерди трансформациядан чыгаруу үчүн документтерди Бишкекке жиберишиптир, бирок буга чейин бул жердин тиешелүү документи болгон эмес экен. Биз айыл өкмөттөн документти көрсөтүүнү талап кылганыбызда көрсөтө алган жок. Экотехинспекция тарабынан комиссия жиберилип, текшерүүнүн жыйынтыгында бул жер мыйзамсыз деп табылып, жабылсын деген чечим чыккан. Бирок бул жер жабылган жок. Күн сайын 2-3 каттам менен таштанды төгүлөт. Айрым учурда малдын өлүктөрүн алып келип таштап кетишет», - деди жергиликтүү жашоочу Маратбек Султанбеков.

Ал эми жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү иш мыйзам чегинде болуп жатканын, жакында жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнүп, аталган таштанды жай зыянсыздандырыла турганын билдирди.

«Биздин айыл өкмөттө 20 миңден ашуун адам жашайт. 2016-жылга чейин айыл өкмөттүн аймагынан чыккан таштандыларды башка айыл өкмөттөр менен ооз эки түрдө гана сүйлөшүп төгүп келгенбиз. Ал эми 2016-жылы атайын комиссия түзүлүп, Кызыл-Туу айылындагы жерди карап, бардык тиешелүү тараптардан уруксат алганбыз. Жерди трансформациялоо жумуштары аяктаганча төгүп туралы деп айыл элинен уруксат алганбыз. Бирок акыркы жылдары трансформациялоо жумуштары кечигип жатат. Буга чейин биз өкмөттүк эмес уюмдарга атайын долбоор жазып, аталган жерди каздыруу жумуштарын дайындаганбыз, баары трансформациялоо жумушуна такалып турат. Учурда бул документти Айыл чарба жана милиорация министрлиги карап жатыптыр, жакынкы учурда колдоо таап калса баары оңдолот. Ага чейин Масы айыл өкмөтүнүн депутаттарынын колдоосу менен жергиликтүү казынадан 380 миң сом бөлүнүп, дезинфекциялоо жумуштары жүргүзүлөт. Акыркы учурда таштанды төгүлө элек», - деди Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Муса Сулайманов.

Кызыл-Туу айылынын 100дөн ашык тургунунун колу коюлган кайрылуу эки ай мурда жергиликтүү бийликке жана тийиштүү кызматтарга жолдонгон. Ушул жылдын 3-октябрында Мамэкотехинспекциянын Майлуу-Суу шаары жана Ноокен, Базар-Коргон райондору боюнча башкармалыгы таштанды жайын уюштурууну текшерүүгө алып, мыйзам бузуу болгонун аныктаган. Башкармалыктын башкы инспектору Рахман Касымов буларга токтолду.

«КРнын «Өндүрүштүк калдык» жөнүндөгү мыйзамына ылайык атайын таштанды жай уюштурулмайынча жайыт жерлерге төгүүгө тыюу салынган. Ошол себептүү бул таштанды талаасына тийиштүү тараптардын уруксат кагаздары алынган эмес. Ошол эле күнү жеринде акт түзүлүп, жергиликтүү бийликке бир айлык мөөнөт менен аны аткарууга 3 пункттан турган эскертүү бердик. Таштанды жайын жабуу, жердин категориясын өзгөткөн документ кагаздарын бүтүрүү жана жергиликтүү калк менен макулдашуу, таштандыларды көмүү сунушталды. Андан соң райондук прокуратурага да мыйзам бузуу бар экенин айтып, кат жөнөттүк.

Эгерде 3-ноябрга чейин биз айткан катачылыктарды жойбосо, укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берем», - дейт Р.Касымов.

Кызыл-Туу айылында 400гө жакын түтүн бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×