Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 24.10.2019 13:59

Ак алтындын түшүмүн жыйнаган дыйкандар анын наркына нааразы. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунда учурда ак алтынды жыйноо иштери кызуу жүрүүдө. Бирок дыйкандар анын баасы төмөн болуп жатканына нааразы, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, өткөн жылы 47 сомго бааланган пахтанын наркы быйыл 41 сомду түзүүдө.

Жергиликтүү тургун Асел Умаралиеванын айтымында, быйыл алар 2 гектар жерге пахта эккен. Учурда 3-теримин терип жатат, буга чейин 3 тоннадай пахтаны заводго 40 сомдон өткөргөн.

«Көп жылдан бери талаага пахта эгип, дыйканчылык кылып келебиз. Быйыл 2 гектар жерге эккен пахтанын түшүмүн терип жатабыз. Баасы төмөн болуп, мээнетибиз акталбай жатканы өкүндүрөт. Буга чейин 3 тоннадан ашык пахта терип, заводго килограммын 40 сомдон өткөрдүк. Былтыр бул маалда 46-47 сомдон сатканбыз. Пахтанын баасы минималдуу 50 сом болгондо дыйкандын мээнети акталмак. Эми кийинки жылы үлүш жерге беде өстүрүүнү пландап жатабыз, анткени пахта эккенибиз менен баасы баары бир акталбайт», - дейт дыйкан.

Учурда Базар-Коргон районунда пахта кабыл алган 5 завод иштеп жатат. Алардын бири «Кобыл ата» заводу. Алар кабыл алган пахтаны Түркияга экспорттошот.

«Өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл элде пахта көп. Мисалы, былтыр декабрь айында элден 5 миң тонна пахта жыйнасак, быйыл сентябрь айынан тарта эле 3,5 тоннадан ашык пахта топтодук. Анын килограммын 41 сомдон алып жатабыз. Быйыл ак алтындын баасы салыштырмалуу арзан. Өткөн жылдын ушул мезгилинде дыйкандар килограммын 45 сомдон тапшырышкан. Биз пахтаны тазалап, аны таңгактап, Түркияга экспорттоп жатабыз», - деди аталган заводдун башчысынын орун басары Шарип Таабалдиев.

Ал эми Базар-Коргон райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Палвановдун айтымында, быйыл райондо пахта талаасынын аянты өстү.

«Быйыл пахтанын баасы төмөн, бул дыйкандардын мээнети акталбай калганын билдирет. Бирок ак алтындын баасын көтөрүү же түшүрүү биздин колубуздан келе турган иш эмес. Баалар дүйнөлүк биржалар аркылуу чечилет. Ушул тапта 11500 тоннадан ашык пахта терилип алынды, бирок анын ичинен заводго 4310 тонна тапшырылды. Дыйкандардын көбү терилген пахтаны баа көтөрүлгөндө сатабыз деп жатышат. Быйыл райондо пахта талаасынын аянты өстү. Өткөн жылы 3082 гектар жерге эгилсе, быйыл бул көрсөткүч 3200 гектардан ашты. Дыйкандардын алды гектарынан 36 центнерге чейин түшүм алды», - деди Авазбек Палванов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×