Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 19.10.2019 15:00

Нарында социалдык тармакта иштеген кызматкерлер сыйланды

Turmush -  Нарын шаарында социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата салтанаттуу жыйын өттү.

Маалым болгондой, иш-чарага облустун, райондун жетекчилиги жана аймактардан келишкен социалдык кызматкерлер катышты. Бир катар кызматкерлерге ардак грамоталар тапшырылды. Нарын райондук социалдык фонд башкармалыгынын кызматкерлери Кендирбаева менен Бермет Токоновага Социалдык фонддун «Мыкты кызматкер» төш белгиси, Бакаева Жылдыз, Исмаилова Кундуз ардак грамота менен сыйланды. Майрамдык салтанат өнөрпоздордун чакан программадагы концерти менен коштолду.

Облуста 113 социалдык кызматкер эмгектенет. Мындай иш-чара облустук деңгээлде алгачкы жолу уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×