Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 18.10.2019 20:40

Жалал-Абадда 62,2 млн сомго курулган облустук прокуратуранын жаңы имараты. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарында облустук прокуратуранын 3 кабаттуу жаңы имараты ачылды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, бүгүн, 18-октябрда өткөн ачылыш аземге башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

«Имараттын курулушу 2017-жылдын август айында башталган. Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер жарыяланып, андан «Алым Ата» ЖЧКсы утуп алып, курулушту жүргүздү. Имарат Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында, кызматкерлерге шарт түзүү максатында ачылып жатат», - деди Ө.Жамшитов.

Мындан тышкары, ал Нарын, Баткен облустарында, Чаткал районунда прокуратура кызматкерлерине кызматтык үйлөр курулуп берилгенин, ноябрда Баткен облусунда 24 батирлүү үй расмий тапшырыла турганын кошумчалады.

Облустук прокуратуранын имаратынын жалпы сметалык баасы 76 миллион 392 миң сом болсо, тендерден «Алым-Ата» ЖЧКсы 62 миллион 244 миң 500 сом утуп алган. Курулуштун кошумча иштери үчүн да каражат бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×