Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 20.10.2019 18:35

Айыл турмушу: Аскерге кеткен айдоочу Б.Молдобеков Чернобыль апаатынын айынан чачы агарып кайтып келген (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын 53 жаштагы тургуну Бакыт Молдобеков Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан ардагер. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Чернобылда азык-түлүк ташып иштеген.

«1983-жылы мектепти аяктап, айдоочулук күбөлүк алып, колхоздо айдоочу болуп иштегем. 1985-жылы Украинанын Киев шаарына аскердик кызмат өтөөгө кеттим. 1986-жылы 26-апрелде Чернобылда жарылуу болду. Ошол түн бүгүнкүдөй эсимде. Түндө бизди ойготуп эле, Чернобылга жөнөтүштү. Аралыгы 200 км жакын жер болчу. Бизди станцияга киргизишкен жок. Шаардын ичинде жүрдүк. Шаар менен станциянын аралыгы 10 км жакын болчу. Биз жаңы барганда элди көчүрүп жаткан экен. Мен кесибим айдоочу болгондуктан жарым жылдан ашык азык-түлүк ташыган унааны айдап жүрдүм. Башында барганда эч кандай маалымат болбой, буйрукту аткара бергенбиз. Убакыт өткөн соң окуяны угуп, анан түшүндүк. Андай кырсык эч кимге келбесин. Билинбегени менен ден соолугуңду алып коет. Ал учурда баары өтө сыр бойдон калып, коомдо талкуу болот деген түшүнүк жок кез экен.

Чернобылдын мага келтирген эң биринчи залакасы — аскерден кайткан 1987-жылы чачым агарып калган эле. Агарган чачымды көргөн апам кучактап алып ыйлаганы эсимде. Аскерден келген соң бут кийим тиккен фабрикада иштедим. 1988-жылдан 1993-жылга чейин милицияда кызмат өтөдүм. Ден соолугум жумушка тоскоолдугун тийгизип, чарчап, алым кетип туруп алгандыктан жумуштан чыгып кеткем. Жыл сайын атайын ооруканада текшерүүдөн өтүп, дарыланып чыгам. Ай сайын 4 миң сом пенсия, 7 миң сом компенсация алам», - деди ал.

Ардагер жубайы экөө 2 кыз, 2 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×