Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 17.10.2019 09:25

Аксыда айылга түшкөн маралдар жашоочуларга тап берүүдө. Видео

Turmush -  Аксы районунун Авлетим жайлоосуна коё берилген маралдар Чонтовар-Сай айылына түшүп, жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратууда, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 3 марал айылга мындан 2 жума мурун келген.

«Бир мүйүзү араланган марал 2 жума мурун айылда пайда болуп калды. Аны дагы эки марал ээрчип жүрөт. Эртең менен мектепке каттаган окуучуларга тап берип, кээде аларды кубалап жатат. Өткөндө кошунабыздын торпокторун сүзүп салыптыр. Бул боюнча айыл өкмөткө, токой чарба бөлүмүнө кайрылдык, бирок жыйынтык жок», - дешти жергиликтүү тургундар.

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментинин облустук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бакыт Жаанбаев учурда айылда жүргөн маралдар кармалып, мүйүздөрү араланып, токойго коё берилгенин билдирди.

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда көп жылдан бери багылып жаткан маралдардын тогузу 2018-жылдын июнь айында Аксы районуна караштуу Авлетим жайлоосуна көчүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×