Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ош облусуАлай району 16.10.2019 14:14

Улан Примовдун Алайдын элине белеги (видео)

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун (КСДП) демөөрчүлүгү астында Алай районундагы Гүлчө айылынын кире беришинде курулган арка кечээ, 15-октябрда пайдаланууга берилди.

Маалым болгондой, анын ачылыш аземине биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Алай районунун акими Замир Молдокулов жана 500гө жакын жергиликтүү жашоочулар катышты.

Бир нече жыл мурда жергиликтүү казынанын эсебинен курула баштаган объект каражат тартыштыгынан улам узак убакыт бою бүткөрүлбөй турган. Райондук бийликтин сунушу жана Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун колдоосу менен мындан 3 ай мурда курулуш иштери улантыла баштаган. Арка кечээ күнү алайлыктарга белек катары колдонууга берилди. Анын бийиктиги 9,5 метр, туурасы 20 метрге жакын. Арканы толук бүтүрүүгө 9 млн сом сарпталган. Салтанаттуу ачылыш аземдин урматына 500гө жакын адамга дасторкон да жайылды.

Алайлыктар Улан Примовдун Алай районунда бул эле эмес, спорттук комплекстерди, футбол аянтчаларын курууга, социалдык объектилерди оңдоп-түздөөгө кошкон салымы көп экенин бир ооздон айтышууда. Улан Примов жакында эле Карыялар күнүнө карата 2 миңден ашык аксакалга азык-түлүк салынган баштыктарды таратса, Сопу-Коргон айыл аймагындагы эскилиги жеткен милиция бөлүмчөсүн толугу менен жаңылап берген. Аз камсыз болгон, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 30 үй-бүлөгө музоолуу саан уй белек кылган. Алдыдагы кыштын ызгаардуу күндөрүндө колунда жок үй-бүлөлөрдү, социалдык мекемелерди бекер көмүр менен камсыздоо пландары түзүлүүдө. Депутат Улан Примовго карапайым калк ак батасын берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×