Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 16.10.2019 13:21

«Белгисиз маршрутту» монтаждаган Марсбек Ак-Талаага келип, туристтер менен иштешип жатат

Turmush -  Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын 42 жаштагы тургуну, көптөгөн кыргыз тасмаларын монтаждаган Марсбек Бузурманкулов туулуп өскөн айылына келип, туристтерди тейлөө боюнча иш алып барууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Марсбек Бузурманкулов 1977-жылы Жаңы-Талап айылында туулган. Аталган айылдагы Байымбет атындагы орто мектебинин 9-классын бүтүрүп, Баетов айылындагы Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейде 3 жыл билим алган. Андан кийин Ош жергесинде аскердик милдетин аткарып келген. Айылда 2 жыл жүрүп, 1998-жылы Бишкекке сапар алган. 2000-жылы англис тили менен компьютердик технологияны өздөштүрүү үчүн жогорку окуу жайда билим алган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Англис тилинде эркин сүйлөгөн Марсбек мырза кино тармагынан кетип, айылга келгенинин себептерин түшүндүрдү.

«2005-жылы кино тармагына кызыгып, ал жакка баш бактым. Компьютерди мыкты билгендиктен дароо эле кабыл алышты. Ал жакта 2015-жылга чейин көптөгөн тасмаларды монтаждап иштеп жүрдүм. Ошондо чыгармачылык кандай болорун, кантип эмгектениш керектигин үйрөндүм. 2015-жылы өз алдымча иштейин деп, айылыма көчүп келдим. 4 жыл ичинде дүкөн курдум, эки ай мурун туристтер үчүн тамактануучу жай курдум. Жубайым экөөбүз тең англисче жакшы билгендиктен туристтер менен иштөө жеңил болууда. Ошону менен бирге эле 3 адамды жумуш орду камсыз кыла алдык. Кудай буюрса алдыда чоң пландарыбыз бар. Анын баары ишке ашса, көптөгөн адамдарды жумуш орду менен камсыз кылабыз деп турабыз», - деди Марсбек мырза.

«Белгисиз маршрут», «До+Фа» жана «Курманжан датка» сыяктуу тасмаларды монтаждаган Марсбек мырза мультфильмдерди дагы жасап, белгилүү режиссёрлор менен иштешкен.

«2008-жылы киностудияда режиссёр Темир Бирназаров менен иштеп, анын "Белгисиз маршрут" тасмасын монтаждадым. Андан кийин Эрнест Абдыжапаров менен иштешип, "До+Фа" кинотасмасын жана "Шахрезада из Кукушкино" тасмасы менен иштедик. 2010-жылдары Замир Эралиев менен "Курманжан датка" документалдуу тасмасында иштедим. Андан соң Садык Шер-Нияз менен иштедим. Ал жакта кыска метраждуу фильмдерди жасадык. Ошондой эле "Аку" толук метраждуу мультфильмин жасаганбыз. Кино тармагынан кетип калышымдын себеби дагы бар. Ал жак чыгармачылык иш эмеспи. Чыгармачылык жакта каражат деген көп боло бербейт. Ал жакта чыгармачылыкты сыйлаган инсандар иштейт. Алар үчүн таазим. Мен эми азыр 4 баланын атасымын. Балдарымды колдошум керек. Бирок чыгармачылыкка кайра барам деген ойдомун.

Бул жакта иштеп жүргөндө үйлөнүп, бир жылдан соң балалуу болдум. Баламдын төрөлгөнүнө 1 ай болгон. Мага "Афганистанга барып, памирлик кыргыздар туурасында видео тартып бербейсиңби?" деген сунуш түшүп калды. Мен жаңы эле балалуу болсом, анын үстүнө Афганистан кооптуу жер деп ойлондум. Бирок ага карабай эле ошол жактагы кыргыз туугандарыбызга жардамым тийсин деп, материал даярдап бергем. Андан кийинки 2013-жылы кайрадан барып, видеого тартып келгем. Ошондон кийин мамлекет тарабынан ал жактагы кыргыздарга көңүл бурулуп, жардамдар бериле баштады», - деди ал.

Туризм тармагынын өнүгүшүнө салым кошкусу келген Марсбек мырза өз чеберчилиги менен нукура, табигый буюмдарды, эмеректерди жасап, туристтерди кызыктырууну көздөөдө.

«Биз эми туристтерди кызыктыруу үчүн кыргыз элинин өзгөчөлүктөрү менен тейлегибиз келет. Ал үчүн бир аз иш баштадык. Мисалы, жата турчу керебеттерин, отуруучу отургучтарын жыгачтардан колго жасап жатабыз. Кудай буюрса бардыгын көркөмдүк менен жасайбыз деп турабыз.

Эсте калган күндөрүмдөн айта турган болсом, ырчы Гүлнур Сатылганованын "Асман" деген ырын монтаждап жатканбыз. Ошол учурда Гүлнур эже келип, компьютерден жасалган клипти көрүп жаткан. Ал эженин токтогулдук экенин билчүмүн. Бирок эмнегедир "сиз көлдүксүз да" десем, ал эже "жок ай, мен токтогулдукмун" десе, кайра эсиме келип уялгам.

Бир жолу айылдан Бишкекке футбол ойногонго балдар келиптир. Мага телефон чалып, "Марс байке шаарга келдик эле, бизге футбол аянтчасын таап, сүйлөшүп бербейсизби" деп калышты. Аларда деле каражат жагы тартыш болчу да. Жардам берейин десем өзүмдө ашыкча каражатым жок. Ошондо аябай кыжаалат болгом. Минтип бизнеске өтүп жатканыма ошол дагы себеп болгон», - деди М.Бузурманкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×