Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 15.10.2019 14:28

Токтогулдун милиционерлери карылардан кабар алышты (сүрөт)

Turmush -  Карыларды урматтоого арналган бир айлыктын алкагында жана кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата Токтогул РИИБдин кызматкерлери карылардан кабар алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Замирбек Ормонов өздүк курамдын атынан милициянын 77 жаштагы эки ардагеринен жана көп жыл билим берүү тармагында эмгектенип, учурда ардактуу эс алуудагы 70 жаштагы Элизавета Букеновадан кабар алды. Алардын ар бирине 2000 сомдук азык-түлүктөрдү берди.

Ошондой эле райондогу карылар үйүнө барышып, аларга белек катары 7000 сомдук азык-түлүк тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×