Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 15.10.2019 12:58

Сүрөт — Сузактагы пенсионерлердин борбору

Turmush -  Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүндө улгайган адамдар үчүн «Жашоо эми башталат» аттуу борбор ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, борбордон пенсионерлер компьютерде иштөөнү, кол өнөрчүлүктү, ат жабдыктарын жасоону үйрөнүшөт. Учурда анда 10го жакын аксакал, 20дай эне бар. Аялдар кийизден, жүндөн түрдүү буюмдарды, азем белектерди жасап жатышат.

«Адам пенсия курагына келгенден кийин өзүн коомго керексиз сезе баштайт экен. Ошол себептүү 50 жаштан өткөн адамдар үйдө отурбастан өнөр үйрөнүп, бир нерсе менен алектениши үчүн атайын борбор ачууну көздөп, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине долбоор жазганбыз. Ал колдоо таап, 800 миң сомдон ашуун каражатка компьютерлер жана башка жабдыктар алынды. Бир айдан бери бизге келген адамдар компьютерде иштегенди, жип ийригенди, жүн иштеткенди жана ат жабдыктарын жасаганды үйрөнүп жатышат. Эми зергерчиликти үйрөтүүнү дагы пландап жатабыз», - деди «Аймира» коомдук фондунун жетекчиси Анаргүл Машаева.

Ал белгилегендей, борбордо 2 социалдык кызматкер, 1 психолог иш алып барууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×