Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 14.10.2019 13:26

Нарын шаарындагы абактын учурдагы абалы. Сүрөт

Turmush -  Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайы оңдоодон өткөрүлдү. Бул имарат бүгүн, 14-октябрда жергиликтүү журналисттерге көрсөтүлдү.

Анда Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Нарын облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Канатбек Кожоев Нарын ШИИБ менен биргеликте убактылуу кармоочу жайдын абалын жакшыртуу боюнча сунуш көтөргөн. Андан соң, Нарын ШИИБ тарабынан Нарын шаардык мэриясына кайрылуу жасалып, жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнүп берилген. Ал каражатка убактылуу кармоочу жайдын ичиндеги абаны тазалоочу жабдык, электр чубалгылары жаңыртылып, даараткана жана жуунучу жай жасалган. Мындан тышкары убактылуу кармоочу жайдын сейилдөөчү жайынын темир торлору, эшик-терезелери сырдалган. Оңдоо иштерин аталган түзүмдүн кызматкерлери аткарышкан.

Нарын ШИИБден билдиришкендей, бүгүнкү күндө убактылуу кармоочу жайда камалган адамдар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×