Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 12.10.2019 16:14

Өзбек артисттери Ала-Букада спектакль коюшту (сүрөт)

Turmush -  Өзбекстандык артисттер Ала-Бука районунда спектакль коюшту, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Өзбек улуттук академиялык театрынын кызматкерлеринин жамааты өзбек драматургу Эркин Хушбаковдун калемине таандык «Сенсиз өтпөс күндөрүм» аттуу спектаклин райондун тургундарына тартуулашты.

«Өзбекстандан келген өнөр адамдары 9-10-октябрь күндөрү райондун Сафет-Булан, Ак-Коргон айыл аймактарынын маданият үйүндө 1,5 миңден ашуун көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бул биздин районго келген өзбек маданият кызматкерлеринин алгачкы гастролу болуп жатат. Аны Өзбек улуттук академиялык театрдын директору, артист Фаткулла Максудов жетектеп, Рано Ярашова, Гүлчехра Ибрагимбекова, Саидкомал Умаров, Асадулла Набиев, Дилноза Кубаева жана башка актёрлор коштоп келишти.

Мындай иш-чаралар эки элдин мамилесинин, кызматташуусунун жакшыруусуна чоң өбөлгө болот», - деди Ала-Бука районунун акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаева.

Артисттер эми Баткен облусунда гастролдо болушат. Өткөн жылы Ала-Бука районунан чакан делегация Өзбекстандын Наманган облусуна ишкерликти өнүктүрүү боюнча барып, тажрыйба алмашып келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×