Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 12.10.2019 14:05

Акын Барпы Алыкулов тууралуу тарыхый тасмада 21 аял алганы камтылат

Turmush -  Улуу ойчул, көрөгөч төкмө акын Барпы Алыкулов тууралуу кийинки жылы тарыхый тасма тартуу иши башталат. Мындай маалыматты кинорежиссер Рысбек Жабиров билдирди.

Анын айтымында, тасманы тартуу иштерине Сузак районунда туулуп өсүп, чет өлкөдө иштеп жүргөн жигиттер демөөрчү болгону жатышат. Бул үчүн сценарий жазылып, аягына чыгып калды.

«Биз Барпы ата тууралуу жакшы билген аксакалдар, окумуштуулар менен кеңешип, алардын батасын алып, анан сценарий жазууну баштаганбыз. Сценарийди журналист Бактыкан Ажымаматова эже экөөбүз жаздык, жалпы 105 бет болду. Тасма тартууну эмдиги жылы баштайбыз, төрт мезгил камтылат. Анда 60тан ашык тарыхый инсандар, ошол учурдагы чыгармачылыктагы замандаштары камтылат. Албетте, улуу акын тууралуу тарыхый тасма тартуу оор. Бул биз үчүн чоң жоопкерчилик. Ошол себептүү Барпы атабыз тууралуу жакшы билген аксакалдар, анын чыгармачылыгын изилдеген профессорлор менен кеңешип жатабыз.

Тасмада Барпы атабыздын жаш мезгилиндеги кыйынчылыктары, төкмөлүгүнө эл таң калган учурлар, анын сүйүүлөрү, эмне үчүн 21 жолу үйлөнгөнү сыяктуу бардык маалыматтар камтылат. Бир ирет атабыз көп никелешкендигинин себебин айтып берген экен. Ата той-аштарга барганда төгүп ырдаганын көрүп, аны жактырып калган башы бош аял ээрчип кете беришчү экен. Никелешип жашаганына 3-4 күн өткөндөн кийин «сенин ырыңдан башка байлыгың жок тура» деп кетип калышчу экен. Ошентип отуруп никелешкен жубайы 21ге жетсе керек. Бул тууралуу эл арасында деле айтылып жүрөт», - деди ал.

Акындын жаш кезиндеги ролун аткаруучу актер азырынча тактала элек. Бирок кайсыл бир учурун комузу жок төкмөлүк өнөрдү аркалап келе жаткан Эламан Келдибеков ойнойт. Улгайып калган учурун Ош драм театрынын кызматкери, режиссер Талант Апиев чагылдырат. Тасма Баткен облусунун Зардалысында тартылат. Ошол аймакты болжоп жатышат. Анткени ал жактагы үйлөр, жашоо шарт менен Барпы акын жашап өткөн мезгилди чагылдырууга болот.

Буга чейин Сузак районуна караштуу Барпы айылында улуу акын Барпы Алыкуловдун 135 жылдык мааракеси белгиленгени маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×