Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.10.2019 10:24 Жаңыланды: 11.10.2019 21:02

Жеңеке: Курбусуна жеңе болгон Г.Шериева баатыр эне болсом дейт (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 33 жаштагы тургуну Гүлзар Шериева. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 23 жашында турмушка чыккан.

«Курсташым агасы менен тааныштырды. Бир көргөндө эле бири-бирибизди жактырыптырбыз. Бир аз убакыт сүйлөшүп жүрүп, кийин баш коштук. Жолдошум Улан Камбаров 1983-жылы Кара-Көл шаарында төрөлгөн. Турмушка чыккандан кийин курбума жеңе болдум. Салт боюнча келин кайын сиңдисин дагы тергеши керек экен. Ошентип аны кыз деп тергеп жүрдүм. Бир күнү окуу жайга чогуу келип, көнүп калгандай эле аны кыз деп тергесем, курсташтарым улам-улам айттырып, күлүшкөн эле. Алар дагы тамаша иретинде кайын сиңдимди окууну бүткүчө кыз деп жүрүштү», - дейт ал.

Гүлзар Шериева келиндик доордо кызыктуу окуялар көп болгонун айтат.

«Боюмда бар кезде дарактан жаңы үзүлгөн мөмө жемиштерге талгак болдум. Жолдошум экөөбүз жолдо кетип бара жатып, башка адамдын бакчасында өсүп турган алмурутту жегим келди. Ээси жок экен, бирди үзүп берди. Дагы көп жейт болчумун деп ыйлап жибердим. 2-3 күн өткөндөн кийин жолдошум бир куту алмурут көтөрүп келди. Көрсө ал ошол бакчанын ээсине барып: «чоң ата, мага алмурут сатыңызчы. Келинчегимдин жегиси келип жатат» десе, ал: «биз башына чыга албай жаттык эле, ырас болбодубу» деп аны чыгарып тердирип, бир куту алмурутту бекер эле берген экен. Ошондо бир куту алмурутту көргөндө жаш баладай кубангам. Азыр биз бир кыз, эки уулдун ата-энеси болдук. Келечекте баатыр эне болсом дейм», - деди Гүлзар Шериева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×