Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.10.2019 09:22

Жалал-Абадда аллеяга тигилген 1500 сомдук ак кайыңдардын көбү куурап калды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкаруусундагы Бекмамат Осмонов атындагы көчөнүн четине салынып жаткан аллеяга тигилген 1500 сомдук ак кайыңдардын 70 пайызы өспөй куурап калды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Мэриядан алынган маалыматка караганда, куураган ак кайыңдар алынып, анын ордуна арчалар тигилүүдө.

Маалым болгондой, быйыл Достук аймагында гүл бакча куруу кадамы колго алынган. Андагы объектиден жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары өтөөрү эске алынбай калгандыгы айтылып, тийиштүү тараптардан кат барган соң, долбоорго өзгөрүү кирген. Оргума курулбай турган болуп, олтургучтарын жайгаштыруу жылдырылган.

Андагы объектте жумуш дээрлик аяктап калды. Аллеяга 100дүн тегеринде ак кайың олтургузулган. Тилекке каршы алардын дээрлиги куурап калды.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш департаментинин башчысы Акылбек Нуркулов олтургузулган ак кайыңдын 54ү куураганын, сатып алынган бааларын эстей албай жатканын айтты.

Ал эми аллеядагы көчөттөрдү эсептегенибизде жалпы 93 ак кайың тигилгени, анын 25и көктөп, 66сы куурап калганы белгилүү болду.

Маалыматка караганда, бир даана ак кайыңдын көчөтү 1500 сомду түзөт.

Жалал-Абад шарынын вице-мэри Болот Узабаевдин пикиринде, кайыңдардын ордуна арча олтургузуу иши башталды. Куурап калган дарактарды алмаштырууга кеткен каражатты аллеяны куруп жаткан компания көтөрөт. Анткени аллеяны кабыл алуу боло элек.

«Бекмамат Осмонов көчөсүндөгү аллеяны куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 4 миллион 921 миң сом бөлүнгөн. Тендерден «Вавилион» ЖЧКсы 3 миллион 199 миң сом утуп алып, май айында жумуш башталган. Бул объектини куруп башталганда техникалык коопсуздукка байланышкан маселе жаралгандыктан убактылуу иш токтоп туруп калган. Кемчиликтер жоюлуп, долбоордогу оргума алынып, ортодогу олтургучтар четине жылдырылды. Жарыктандыруулар орнотулду. Ал эми көчөттөрдү олтургузуу бир аз кечеңдеп калгандыктан дагы таасирин берди окшойт. Олтургузулган ак кайыңдардын көбү куурап калды. Бул үчүн шаар бийлигинен акча каражаты жумшалбайт. Аллеяны куруп жаткан компания өзү жөнгө салат. Бизден тендерден утуп алган каражат гана каржыланат. Ошол эле учурда эгилген көчөттөрдүн көктөө мөөнөтү да бекитилген. Компаниядан талап кыла алабыз. Учурда кайрадан ак кайыңдар алынып, ордуна арча тигүү иштери башталды», - деди вице-мэр.

Аллеянын узундугу 400 метр, туурасы 20 метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×