Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.10.2019 11:41

Жарым кылымдай кызмат кылган «Шекафтар — Терек-Сай» чубалгысы жаңыланууда

Turmush -  Жалал-Абад облусунда жарым кылымдан ашык кызмат кылган 35 кВ «Шекафтар — Терек-Сай» аба чубалгысы жаңыланууда. Бул тууралуу «Жалалабатэлектро» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда «Шекафтар — Терек-Сай» 35 кВ аба чубалгысынын 2 чакырымы кайрадан калыбына келтирилип жатат. Анткени аталган аба чубалгысы 1967-жылы курулган, узундугу 45 чакырымды түзөт. Ортодогу электр мамылар да жыгачтан болгондуктан, аба-ырайынын өзгөрүүсүнө туруштук берүүсү начарлаган.

«Жалалабатэлектро» ААК 3 жылдан бери калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүп жатат. Ушул күнгө чейин 8 чакырымы калыбына келтирилди. Жалпы СК-22 үлгүсүндөгү 32 даана темир бетон электр мамылар, 6 даана анкердик металл мамылар орнотулду. Октябрь айында дагы 12 даана СК-22 үлгүсүндөгү темир бетон электр мамылар орнотулат. 2019-2020-жылдын күз-кыш айларына болгон даярдыктын алкагында ишке ашып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×