Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 08.10.2019 10:49 На русском

Үч айылдаштын жолугушуусу экөөнүн өлүмү менен аяктады. Аксыдагы окуянын чоо-жайы

село
село

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы райондук соту бейбаштык боюнча айыпталып жаткан жигитке карата козголгон кылмыш иштин материалын карап чыкты.

Айыпталуучу — 1992-жылы туулган Арлен [К. уулу А. аты өзгөртүлдү], үй-бүлөлүү, орто билимдүү, буга чейин соттолгон эмес, убактылуу иштебейт. Ага Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Ээнбаштык, ден-соолукка зыян келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка куралдарды колдонуу же колдонуу аракети) менен айып тагылган. Ал 2019-жылдын 1-мартынан тарта камакта болгон.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, 2019-жылдын 24-февралында саат 23:30 чамасында Арлен 1964-жылы туулган Арсен аттуу [С.А.Ж. аты өзгөртүлдү] жергиликтүү тургундун үйүнө кирип барып, 1979-жылы туулган Тимур [Ш.Т. аты өзгөртүлдү] аттуу айылдашы менен жыныстык катнашта болуп жатканын көрүп калган. Мындан улам айыпталуучу Арсенди бир нече жолу уруп, сабап баштаган. Ошол жерде турган таякты алып, Арсенге карата зордук-зомбулук мүнөздөгү аракеттерди жасап, анын денесине оор жаракат келтирген.

Сотто Арлен өзүнүн күнөөсүн жарым жартылай мойнуна алып, ошол күнү эртең менен саат 10:00 чамасында кошуналарынын биринин үйүнөн алкоголдук ичимдик ичкенин билдирген. Алар саат 15:30дар чамасында ичип бүтүшүп, андан кийин экөө кетип калышкан, ал эми үчүнчүсү үйдө калып калган.

Үйгө кетип бара жатып, айыпталуучу жолдон айылдашын жолуктуруп калган, экөө райондук борборго тактап айтканда дүкөнгө барышкан. Ал жактан арак жана колбаса сатып алышкан. Үйгө кайтып келе жатып, саат 21:00 чамасында жолдон Арсенди жолуктуруп калып, арак ичүү үчүн анын үйүнө киришкен. Бөтөлкөнүн жарымын ичкенден кийин үчүнчү катышуучу мас болуп калган, андан кийин Арлен аны үйүнө жеткирип кеткен. Кайра келгенде короонун эшиги жабык экенин көргөн. Бирок, ал эшикти ачып, үйгө кирип барган. Ошондо Арсен төшөктүн ичинде бир эркек киши менен жатканын көргөн. Төшөктү жылдырганда, анын ичинде Тимур жатканын көргөн. Айыпталуучунун айтымында, алар жыныстык катнашта болушкан.

Арлен эки жолу Арсенди уруп жибергенин мойнуна алган, Тимурду дагы жаакка бир жолу урган. Ал эмне үчүн алар мындай кадамга барышканын билүүгө аракет кылганда Арсен эмне кылууну өзү билерин жана бирөөнүн жардамына муктаж эмес экенин айткан. Жаңжалдан кийин Арлен үйүнө кетип калган. Эртеси 25-февралда саат 09:00 чамасында ал талаага мал айдап чыгып, дүкөндөн жарым литр арак алып, кайра Арсендин үйүнө барган.

Үйүнө жакындап калганда Арсен мас абалда дааратканадан келе жатканын көргөн. Алар үйгө кирип, 100 граммдан ичишкен. Сүйлөшүп жатып, Арлен Арсенден анын ден соолугунун абалын сураган. Ал болсо өзүн жакшы эле сезип жатканын айткан. Андан кийин айыпталуучу үйүнө кетип калган.

Эртеси Арленге кошунасы телефон чалып, Арсен каза болуп калганын айткан. Айыпталуучу үйүнө кайтып келе жатканда башка айылдашын жолуктуруп калган, ал айылдаштары Арленди Арсендин өлүмүнө тиешеси бар экен деп айтып жатышканын жана териштирүү үчүн айылдаштары аны күтүп жатышканын айткан. Коркуп кеткен Арлен кийимдерин чогултуп, Бишкек шаарына чыгып кеткен.

Сотто ал эркек кишилер менен арак ичкенин жана каза болуп калган айылдашынын денесине жеңил жараат келтиргенин мойнуна алган. Аны менен катар ал жабырлануучу тараптын өкүлдөрүнөн кечирим сурап, соттон жеңил жаза берүүнү өтүнгөн.

Материалды карап, сот айыпталуучу алдын ала ниет кылып, кылмыш жасоого даярданбаганын аныктаган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча Арсен Арлен тарабынан денесине келтирилген жарааттардан эмес, организминин муздап калуусунан улам каза болгону аныкталган. Сот айыпталуучунун аракеттери Жоруктар кодексинин 66-беренесине туура келгендигин (ден соолукка жеңил жараат келтирүү) аныктаган.

Жыйынтыгында сот Арленди бул берене боюнча күнөөлүү деп таап, 60 сааттык коомдук иштерге тартуу жазасын дайындаган. Ал камактан сот залынан бошотулган. Өкүм күчүнө киргиче ар үй камагында болот.

Чечим Аксы райондук соту тарабынан 27-сентябрда чыгарылган.

Буга чейин Turmush басылмасы Аксы районунда киши колдуу болуп каза болгон 1964-жылы туулган адамдын (эркек киши) өлүмүнө шектүү делип 26 жаштагы айылдашы кармалганын маалымдалган.

Маалым болгондой, ошол күнү маркум 40 жаштагы айылдашы жана шектүү деп кармалган 26 жаштагы жигит болуп спирттик ичимдик ичишкен. Алардын ортосунда жаңжал чыгып, кийин 55 жаштагы тургун киши колдуу болуп каза болгон. Окуядан 1 күн өткөндөн кийин 40 жаштагы айылдашы өзүн-өзү асып каза болгон. Ал эми эки күндөн кийин бул кылмышка шектүү делип 26 жаштагы айылдашы кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×