Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 07.10.2019 21:39 На русском

Видео: Кочкор-Атанын борбордук базары өрттөндү

Кочкор-Ата шаарынын борбордук базары
Кочкор-Ата шаарынын борбордук базары

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Жайнак Немат уулу билдиргендей, учурда борбордук базардан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.

Өрт саат 19:45 чамасында чыккан.

«Учурда өрттү курчоого алып, толугу менен өчүрдүк. Өрт базардын батыш тарабындагы контейнерлерден чыккандыгы айтылып жатат. Адистер өрт электр чубалгаларынан чыкканын божомолдошууда. Өрт өчүрүүгө жалпысынан 3 техника тартылды. Эми өрттүн себептери жана келтирилген чыгым эсептелет», - деди вице-мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×