Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 07.10.2019 18:06

Аксыда токой чарбанын кызматкерлери иш ташташты

Turmush -  Аксы районунун Авлетим токой чарбасынын Итагар айылындагы бөлүмүнүн кызматкерлери иш ташташты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кызматкерлердин айтымында, алардын иш таштоосуна бөлүм башчынын аларга болгон кысымы себеп болгон.

«Бизди иштен сырткаркы жумуштарга мажбурлап, иштете баштады. 3 ай уста катары иштедик. Жайлоого өтүүчү тосмону кезеги менен тостуруп, күн сайын бизге тиешеси жок түрдүү иштерге мажбурлады. Мындан сырткары, токой чарбанын жетекчилигинин бизге көрсөткөн кысымы себеп болду», - дешти алар.

Авлетим токой чарбасынын директору Азатбек Маликбеков токойчулар иш таштаганын ырастап, Итагар айылындагы жалпы 7 кызматкердин алтоо иш таштоо тууралуу арыз жазганын билдирди.

«Ооба, алар 4 күн мурун иштен кетүү тууралуу арыз жазган. Алар бөлүм башчы менен келише алышкан эмес. Бөлүм башчы токойчуларды милдетинде жок иштерге жумшаптыр. Келишип иштөөгө чакырсак дагы көнүшкөн жок. Бөлүм башчыны иштен алуу жөнүндө жобону карап жатабыз. Токойчулар бөлүм башчынын мыйзамсыз ишин арызда так көрсөтүшпөптүр. Ошол себептен бөлүм башчыны иштен ала албай жатабыз», - деди ал.

Кызматкерлердин айтымында, алар күзүндө жаңгак чогултуу планын толтуруп, отун алгандарды көзөмөлгө алат. Жаз мезгилинде жайытка кирүүчү мал-жандыкты көзөмөл кылышат.

WhatsApp Image 2019-10-07 at 17.04.34(1)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×