Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 07.10.2019 21:10

Айыл турмушу: Алма менен балыктан киреше тапкан М.Чаловдун элеттеги бизнеси

Turmush -  Токтогул районунун 30 жаштагы тургуну Мирланбек Чалов багбанчылык менен алектенип келет. Элеттик багбан менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышып келди.

Мирланбек Чалов Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Тектир айылынын тургуну. Ал багбанчылык менен 10 жылдан бери алектенип келет.

«Биз үй-бүлөбүз менен багбанчылык жана балык өстүрүү менен алектенип келебиз. Алма өстүрүп баштаганыбызга 10 жылдан ашып калды. 3 гектардан ашык аянтта миңге чукул түп бар. Азыркы учурда жүз түбү мөмөгө кирген. Превосход, симиренко жана голден деген сорттору бар. Бул сорттогу алмалар даамдуу келип, жаз мезгилине чейин талапка ылайык кылып сактаса болот. Бойко сортундагы алма май айына чейин сакталат. Базарларда аларга болгон суроо-талап жогору. Учурда алманын бир килограммын 40-50 сомдон дүң баада сатып жатабыз. Багбанчылыкты өстүрүүнү пландап турам», - деди багбан.

Дыйкандын айтымында, алманын көчөтүн отургузгандан кийин 5-6 жылдан кийин түшүмгө кирет.

Белгилей кетсек, Мирланбек Чаловдун багында жоголуп бара жаткан Кызыл китептеги жүзүм, кара өрүк, малина, алмурут, алча жана курулушка керектелүүчү өсүмдүктөр бар. Анын бакчасынан сырткары чакан балык көлмөлөрү да бар. Ал бир сотых жерге көлмө куруп, ага 2 миң чабак өстүрүп баштаган. Кийин көлмөнүн аянтын чоңойтуп, балыктын санын 6 миңге жеткирген.

«Мында балыктын сазан жана толстолобик (макообалык сымалдуулар) деген түрлөрү өстүрүлөт. Бул балыктар 3 жыл мурун көлмөлөргө салынган. Жаз айларында сатыкка чыгарууну пландап жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×