Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 07.10.2019 17:09

Майлуу-Сууда унаа көпүрөдөн кулап, 3 адам мерт кеткен бөөдө кырсыктын чоо-жайы

Turmush -  Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш аймагында көпүрөдөн өтүп бара жаткан унаа кулап, ичиндеги 3 адам каза болгону маалымдалган.

Мэриядан алынган маалыматка караганда, бөөдө кырсык болгон көпүрө союз мезгилинде жөө адамдар өтүүгө ыңгайлашып салынган. Ага карабастан «Тико», «Матиз» сыяктуу чакан унааларды айдаган жергиликтүүлөр ушул көпүрөдөн өтүп келишкен.

«Көк-Таш айыл аймагында жөө адамдар өтүүгө ыңгайлашкан 5, унаалар үчүн 2 көпүрө бар. Кырсык орун алган көпүрө жөө адамдар үчүн салынганы боюнча бир нече жолу эскертүүлөр берилген. Ага карабай көбүнчө «Тико» унаалары өтүп калчу. Чоң унаалар унаага ылайыкташкан көпүрө менен каттап келишет», - дешти мэриядан.

Маалым болгондой, 4-октябрга караган түнү саат 04:00 чамасында Көк-Таш аймагындагы шаар каттамы менен бириктирген жөө адамдар өтүүчү көпүрөдөн «Хонда Фит» унаасы кулап кеткен. Унаанын ичиндеги айдоочу жана эки жүргүнчү мерт кеткен. Жөө адамдар жана мал-жандыктарды айдап өтүүгө ыңгайлашкан көпүрөдөн таңга жуук эл өтө баштаганда унаанын дарыя жээгинде жатканын көрүшүп, тийиштүү тараптарга кабар беришкен.

«Эгерде унаа кулаган маалда бирөө-жарым көргөн болсо, жардам беришсе, балким аман калышмак», - дешет жергиликтүүлөр.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, окуя Кылмыштарды жана жоруктарды каттоо реестрине кокустук катары катталган.

«Унаанын кулап кеткени боюнча териштирүү иши жүрүп жатат. Каза болгондордун жакындары соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты. Каза болгондордун бири — К.Т. шаардагы аскер бөлүктүн кызматкери болсо, экөө Майлуу-Суу шаарынын тургундары», - деп билдиришти ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×