Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 13.10.2019 18:15 Жаңыланды: 13.10.2019 19:15

Айыл турмушу: Н.Мундузбаева балалыктагы кыялын 32 жашында орундатты

Turmush -  Токтогулдук Наргиза Мундузбаева балалыктагы кыялын 32 жашында орундатып, жаш бийчилерди тарбиялоодо. Элеттик бийчи менен аймактык кабарчы таанышты.

Бийге шыктуу Наргиза алгач мектеп сахнасында бийлеп, кийинчерээк Үч-Терек айыл аймагындагы маданий иш-чараларда өз өнөрүн көрүүчүлөргө тартуулап баштаган.

«Эсимде 5 жашымдан тарта үйдө бийлеп баштадым. Ал кезде айылда бий ийрими болбогондуктан сыналгыдагы концерттерден бийчилерди карап, алардын кыймыл-аракетин кайталай берчүмүн. Мектепке баргандан баштап бийлеп, маданий иш-чаралардын баары менин бийимсиз өтчү эмес. Андан кийин айылдагы концерттер, райондо өтчү иш-чараларда бийлеп жүрүп, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө татып, бир топ грамота, дипломдорду алдым. Менин талантым ошол менен гана токтоп калбай, жогорку окуу жайга тапшырганда да бийлеп жүрдүм. Кийинчерээк турмушка чыккандан кийин, бир аз тыныгуу болуп калды», - дейт каарманыбыз.

Наргиза бий ийримин ачып, өзүнүн шакирттерин тарбиялап келет.

«Өзүм атайын бий сабагына катышып көргөн эмесмин. Жаш кезимден бери айылга бийге шыгы бар жаштар үчүн бий мектебин ачып, аларды кароо-сынактарга алып чыксам деп кыялданчумун. Ошол кыялымды кеч болсо да ишке ашырдым, ал үчүн жолдошум, кайын журтум колдоп, мага чоң жардам беришти. Айыл өкмөткө кайрылып, эскилиги жеткен маданият үйүнүн бир бөлмөсүн ижарага алып, ал жерди косметикалык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, чакан бий ийримин ачтым. Аталган ийримдин иштеп баштаганына бир жарым жылдай убакыт болуп калды. Учурда 40тай окуучум бар, жумасына 3 жолу сабак болот. Өткөн жылы “Айбике” деген бий тобун түзүп, учурда тойлорго барып кызмат көрсөтүп келебиз. Азыр кыздар менен даярданып, чоң сынактарга катышсакпы деп ойлонуп жатабыз», - деди ал.

Наргиза айылда бийге кызыккан жаштардын саны күн санап өсүп баратканын, бирок имарат тар болуп жатканын кошумчалады. Ал үй-бүлөдө 6 бир туугандын төртүнчүсү. Өзү 2 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×