Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 07.10.2019 15:40

Сүрөт — Базар-Коргондо жаңгак терими кызыды

Turmush -  Базар-Коргон районунун Жаз-Кечүү айылында быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу жаңгактын түшүмдүүлүгү жакшы болду, дейт жергиликтүү тургун Актилек Кудайбердиев.

Анын айтымында, ал «Кызыл-Үңкүр» токой чарбасынан 2 гектарга чукул жерди ижарага алып иштетет.

«Токойдо жаңгактын түшүмдүүлүгү жакшы болсо бизде дагы киреше жогору болот. Анткени жаңгак кээ бир жылдары түшүм бербейт. Мындан 3, 4 жыл мурун жакшы мөмө байлаган. Андан кийинки жылдары түшүм жакшы болгон жок. Эми быйыл кайра жакшы байлады. Учурда күнүнө үй-бүлөбүз менен 50 килограммга жакын жаңгак терип жатабыз. Мындан улам быйыл 1 тонна түшүм алабыз деп жатабыз. Базарда 1 килограмм жаңгактын баштапкы баасы 70 сомдон 100 сомго чейин болууда. Бизден сатып алган кээ бир кардарлар жаңгактын маңызын чыгарып, өзүнчө сатып, пайдасын көрүшөт», - дейт А.Кудайбердиев.

Ал эми токой чарбанын директору Нурмамамат Жолдошбаевдин айтымында, токойдун жалпы аянты 53 миң гектарды түзсө, анын ичинен жаңгак токой 3666 гектар жерди ээлейт.

«Жаңгактын түшүмү жакшы болгон жылдары жергиликтүү жашоочулардын кирешеси жогору болот. Мисалы өткөн жылы токой мөмөсүн берген жок. Быйыл 20%ы мөмө байлады. Токой пайдалануучулар ижарага алган жерлердин аянтына карап, акы төлөшөт», - дейт Н.Жолдошбаев.

Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облусундагы жетекчиси Бакыт Эрмеков: «Жалал-Абад облусунда жаңгак токтойдун аянты 31 миң гектарды түзөт. Токойлор Базар-Коргон жана Сузак районунда жайгашкан. Кээ бир аймактарда түшүм жакшы болсо, кээ бир жерлерде мөмө байлаган эмес», - деди.

Базар-Коргон районунда 6 токой чарба жана 1 «Дашман» мамлекеттик коругу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×