Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.10.2019 13:27

Жалал-Абад ОИИБдин спортто жана кызматта өзгөчөлөнгөн кызматкерлери сыйланды

Turmush -  Бүгүн, 7-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында кезектеги милициянын атайын наамы берилип, эл аралык спорттук мелдештерде жеңгендер жана кызматта өзгөчөлөнгөндөр сыйланышты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өздөрүнүн кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө кошкон зор салымдары үчүн жана Кыргыз милициясынын Кылмыш иликтөө кызматынын 101 жылдыгына карата бир катар кызматкерлер ИИМдин сыйлыктарына татыктуу болушту.

Алар «Кыргыз милициясы 90 жыл», «Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл» мааракелик медалдары, «ИИМдин мыкты кызматкери», «Кылмыш иликтөө кызматы» мааракелик, «Кылмыш иликтөө кызматындагы артыкчылыгы үчүн» төш белгилери жана ИИМдин ардак грамотасы менен сыйланышты.

Мындан сырткары волейбол боюнча Азиянын зоналдык биринчилигинде 1-орунду ээлегендиги үчүн дагы бир кызматкер дене тарбия спорттук «Динамо» коомдук бирикмесинин «90 жыл» медалына ээ болду. Ошондой эле Индияда өткөн күжүрмөн самбо боюнча мелдеште ийгиликке жеткендер жана Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарында күрөш боюнча 1-орунду алган кызматкер медаль менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×