Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 04.10.2019 14:08

ОшТУнун мугалимдери Екатеринбургга иш сапары менен барышат

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарына Россиянын Кемеров облусундагы Кузбасс мамлекеттик техникалык университетинин студенттери келишти. Бул тууралуу Ош технологиялык университетинен билдиришти.

ОшТУга университеттер аралык келишимдин негизинде Кузбасс мамлекеттик техникалык университетинин 2 студенти билим алуу үчүн келишти. Аларды окуу жайдын жетекчилери тосуп алышып, ОшТУ тууралуу маалымат беришти. Студенттер окуу жайда бир семестр окушат.

Аны менен катар эле ОшТУнун мугалимдери Екатеринбург шаарындагы Урал мамлекеттик экономикалык университетинде 8-16-октябрь күндөрү өтүүчү эл аралык экономистердин мектебине катышат.

Иш-сапардын максаты окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу.

Екатеринбургга барчу Экономика жана башкаруу факультетинин окутуучулары:

- ага окутуучу Перизат Алишева;

- доцент Марат Зикираев;

- окутуучу Фатима Парпиева;

- окутуучу Жакшылык кызы Гүлай;

- ага окутуучу Таттыгүл Зулпукарова;

- окутуучу Сюита Касымова;

- окутуучу Калыбай Мазирбаев;

- ага окутуучу О.М.Исманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×