Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 04.10.2019 11:36

Пара менен кармалган Базар-Коргон РЭСтин юристи бошотулду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасынын юристи кармалып, күнөөсү жок экендиги аныкталган соң коё берилди. Бул тууралуу «Жалалабатэлектро» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, РЭСтин юристи 2-октябрда саат 12:00 чамасында Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча райондор аралык бөлүмү тарабынан кармалган.

«Алдын ала тергөө иштери жүргөндөн кийин, юристтин күнөөсү далилденбегендиктен ошол эле күнү саат 22:30да коё берилген. Учурда өз ордунда иштеп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Базар-Коргон РЭСтин юристи пара менен кармалганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×