Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 03.10.2019 16:31

Сузактагы мектеп быйыл 1-класстын окуучуларын кабыл алган жок (сүрөт)

Turmush -  Сузак районунда Сайдулла Акбаров атындагы №16 мектепке быйылкы жаңы окуу жылында 1-класстын окуучулары кабыл алынган жок. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мектепте орун жок болгондуктан быйыл 400дөн ашык окуучу кабыл алынган жок.

«Өткөн жылы кызым Сайдулла Акбаров атындагы №16 мектепке даярдоо курсуна барган. Сентябрь айында мектептин директору быйылкы окуу жылында 1-класстарды кабыл ала албастыгын, мектепте орун жоктугун айтты. Азыр күн сайын 3 чакырымдай алыс жайгашкан мектепке кызымды алып барып, кайра алып келем. Мага окшогон ата-энелер көп, жалпысынан 400гө жакын окуучу ушинтип үйдөн алыс жайгашкан мектепте билим алууга аргасыз болушууда. Менин билишимче бул мектеп окуучуларга орус жана өзбек тилинде билим берет, райондо мындан башка орус тилдүү мектеп жок болгондуктан, башка участкадагы ата-энелер да ушул мектепке балдарын алып келишет. Биздин участка ушул мектепке карагандан кийин жок дегенде 1-2 класс ачып койсо жакшы болмок. Азыр 1-класстын жоктугуна ата-энелердин басымдуусу нааразы болуп жатышат», - деди жергиликтүү тургун Шерзат Умарбеков.

Ал эми мектептин жетекчилиги бул көрүнүштү орундун жетишсиздиги менен байланыштырды.

«Мектеп 720 гана окуучуга ылайыкташкан, бирок өткөн окуу жылында балдардын саны 3 миңден ашып кеткен. Ошол себептүү окуу жылынын башында балдарын 1-класска берчү ата-энелер менен жолугуп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Азыркы тапта мектепте 2619 окуучу бар, бирок аларга да окуу класстары жетишсиз. Ошол себептүү жергиликтүү бийликтин колдоосу менен кошумча имарат куруу үчүн 300 миң сомго долбоор жазылып, жалпы сметасына чейин болжолдуу эсептелип чыкты. Учурда Ош шаарына экспертизага жөнөтүп жатабыз. Кийинки окуу жылына 375 окуучуга ылайыкташкан жаңы окуу имараты бүтүп калат деген үмүт бар. Биздин участкага караган Кызыл-Жар, Барпы, Навои айылдарындагы окуучулар «Дом ата», «Мадумар ата» мектептерине каттап жатышат. Буга чейин 3 кезмет менен балдарга билим берип келсек, быйыл эки кезметке өттүк», - деди аталган мектептин директору Равшан Нажмиддинов.

Бул маселе боюнча райондук билим берүү бөлүмү дагы түшүндүрмө берди.

«Бул мектепте 36 окуу бөлмөлөрү бар. Бул класстарга эки кезмет менен балдарды окутканда 72 класс болушу керек эле. Ошол эле учурда мектепке даярдоо курсу менен 1-классты кошпогондо 82 класс болуп жатат. Бир жагынан караганда 10 класска окуу бөлмөлөрү дагы деле жетишсиз. Биз ушул жагын карап, 1-класска балдарды кабыл алган жокпуз. Башкача айтканда 1-класстар мектепке кабыл алынсын деген буйрук чыккан эмес, ал эми мектепте окуп жаткан окуучуларды чыгарып салсак биз мыйзамды бузган болобуз. Ошондуктан «Мадумар ата» мектебинен 7 класс, «Дом ата» мектебинен 2 класс жана «Манас» мектебинен 2 классты даярдап, бул окуучуларды ошол жерге жайгаштырып, азыркы тапта окуу процесси жүрүп жатат. Быйыл орун жетишсиз болгондуктан ушундай кадамга бардык», - дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Үсөнов.

Сузак району боюнча жалпы 106 мектеп болсо, анда 58 миңдей окуучу билим алат. Ал эми 2019-2020-окуу жылында 6 миңден ашуун окуучу мектеп босогосун аттаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×