Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 03.10.2019 11:42

Кыргызча обон созгон 78 жаштагы А.Грачева сынакта 3-орунду ээледи

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 78 жаштагы тургуну Грачева Александра «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу облустук сынакта 3-орунду ээледи, деп билдирет аймактык кабарчы.

Эл аралык карылар күнүнө арналган иш-чарада Александр Грачевага өкмөттүн Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 3-даражадагы диплому тапшырылды.

А.Грачеванын айтымында, мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата уюштурулган сынакта «Тамаша» аттуу ырын аткарып, байгелүү орунга ээ болгон. Ал 1963-жылдан бери Кара-Көл шаарында жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×