Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 03.10.2019 09:57

Кара-Көлдө «Устат жана шакирт» иш-чарасы өткөрүлдү

Turmush -  Кара-Көл шаарында «Устат жана шакирт» аттуу иш-чара өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чарага шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиева, мугалимдер жана алардын шакирттери, ардактуу эс алуудагы мугалимдер катышты.

Бул жолу иш-чараны өткөрүү «Баластан» бала бакчасынын жамаатына жүктөлүп, башчысы Р.Койчукараева көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле ал өзүнүн шакирти катары Айзада Исабекованы көрсөтүп, мындан аркы ишин ушул тарбиячы улантарын айтты.

Анын алкагында 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата ардактуу эс алуудагы мугалимдерге белектер тапшырылды. «Устат жана шакирт» иш-чарасы быйыл 3-жолу уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×