Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кербен 03.10.2019 08:19 Жаңыланды: 03.10.2019 15:44 На русском

Видео — Учак күткөн «Казарман» аэропорту

Turmush -  Тогуз-Торо районундагы «Казарман» аэропортунун аэробекети оңдоодон өткөнүнө 1 жылдан ашса дагы учак каттай элек. Ага ички каттам үчүн чакан учактардын тартыштыгы себеп болууда. Убагында борборго учак менен каттаган жергиликтүүлөр учактын каттамын күтүп жатышат, деп билдирет аймактык кабарчы.

«Казарман» аэропортунун жалпы аянты 41 гектарды түзөт. Учуп-конуу тилкеси 1840 метр. Аэропорт 1984-жылы курулуп, ишке кирген. Негизинен чакан учактар Бишкек—Казарман—Жалал-Абад багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташып, «АН-24», «ЯК-40», «АН-2» учактары колдонулган.

Кезегинде борборго учак менен каттап жүргөн тургун Рашидбек Өскөнбаев: «Биринчи «АН-2» учагы менен каттап жүрдүк. Анда билет баасы 3 сом 5 тыйын болсо, кийин 7 сомго кымбаттады. Андан соң 15 сомго чыкты. Эл негизинен ушул учактар менен эле каттачу. Азыр карапайым калк кыйналды. Облустун борборунан болгону 150 чакырым эле алыста турабыз. Деген менен Жалал-Абад—Казарман жолу өтө татаал болгондуктан май айынан октябрь айына чейин гана каттоого болот. Сары-Кыр ашуусуна кар түшкөн болсо элдин шору. Анан Бишкек шаарын көздөй каттап баштайбыз. Борборго 10 саатта кирип барабыз. Эгерде чакан учактар калктын капчыгына жараша каттаса жол азабын тартпай, мурункудай учак менен барат элек», - дейт.

«Казарман» аэропортундагы учактарды кезегинде «Макмал алтын» комбинатынын жумушчулары да толтуруп турчу. Тактап айтканда, алтын өндүргөн комбинатка жумушка келгендер да учак менен каттачу.

1984-жылдан 2000-жылга чейин жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүлүп турган. Андан бери талапка жооп бербегендиги үчүн иштебей калган. Былтыркы жылы аэропортто оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Учактарды кабыл алууга лицензия алган жана тилкелери дагы даяр. Анын иштешине жергиликтүү бийлик да кызыкдар.

«Аэропорт иштеп турса баарыбызга жакшы болмок. Эгер 50 орундуу учактар каттаса өзүн-өзү актамак. Аким менен тийиштүү жетекчилер иш алып барууда. Маселенин баары чакан учактын жоктугуна келип такалууда. Жеке компаниялардын тик учактары, чакан учактары келсе аэропорт кабыл алууга даяр деп айта алабыз. Анткени былтыркы жылы оңдоодон өткөн», - дейт акимдин орун басары У.Иманбердиев.

Аэропортто жараксыз болуп калган эки учак турат. График менен иштеген кызматкерлерди да көрүүгө болот.

Тогуз-Торо районунда 24 миңден ашык адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×