Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 02.10.2019 17:48

Сузакта 4 жылдан бери курулушу бүтпөгөн бала бакчанын имараты (сүрөт)

Turmush -  Сузак районунда 4 жыл мурун курулушу башталган бала бакчанын кошумча имараты бүгүнкү күнгө чейин толук бүтө элек, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Сузак айыл өкмөтүндөгү «Алтын балык» бала бакчасынын кошумча имаратынын сметалык баасы 3 млн 135 миң сом деп эсептелген.

«2015-жылы Билим берүү жана илим министрлигине бакчабызда чоң зал жок болгону үчүн долбоор жазгам. Ал долбоор колдоо таап, Турак жай жана жарандык курулуш департаменти ишти баштаган. Тендер өткөрүү маселесине кийлигишкен эмесмин, баарын министрлик өзү бүтүргөн. Сметалык баасы 3 млн сом деп эсептелип, тендерден «Нурэл курулуш» компаниясы утуп алган соң 450 миң сомдук иш аткарышкан. Эки кабат болот деген имараттын биринчи кабатынын дубалын көтөргөндөн кийин иш токтоп калган. Ал эми 2016-жылы аталган департамент жоюлуп, курулуш жарым жартылай токтоп калган. Мындан улам көп жерге кайрылып, парламенттин депутаты Тазабек Икрамовго, Билим берүү жана илим министрлигине, премьер-министрге, Мамлекеттик курулуш департаментине кат жаздым, бирок жыйынтык болгон жок. 2018-жылдын октябрь айында аталган мекемеден кат келип, анда курулуш 2019-жылы баштала турганы айтылган, бирок жылыш жок», - деди бала бакчанын жетекчиси Дамира Шеримбетова.

Мындан сырткары ал бакчада чоң залдын жоктугунан жайында балдардын майрамдары сыртта белгиленсе, кыштын күнү эч кандай иш-чара өткөрө албастыгын кошумчалады.

150 балага ылайыкташкан бакчада учурда 170 бала тарбияланып, 24 кызматкер эмгектенет. Бакча 3 имараттан туруп, 1-имараты 1956-жылы курулган, калган экөө эгемендүүлүк алган жылдары курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×