Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.10.2019 17:11 На русском

Мэриянын аппарат жетекчисинин капчыгы уурдалды. Шектүү 16 жашта

Жалал-Абад шаарынын мэриясы
Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин капчыгын уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 28-августунда мэриянын аппарат жетекчиси Э.Зияйдинов милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү болжол менен саат 11:30 чамасында Жалал-Абад шаардык мэриясынын 3-кабатындагы жумуш бөлмөсүнөн капчыгын уурдап кетишкенин жана анын ичинде 100 доллары, 5550 сому, 1 даана банк картасы жана ID-карта паспорту болгонун билдирген.

«Бул арыздын негизинде окуя болгон жерде кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолуп, Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине уурдоо фактысы менен катталып, КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Берилген тергөө тапшырмасынын негизинде Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 2019-жылдын 2-октябрь күнү Жалал-Абад шаарынын 2003-жылы туулган Т.О. (аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу тургуну шектүү катары кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Кылмыш иши боюнча учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», - деп билдирет басма сөз кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×