Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.10.2019 10:38

Кара-көлдүк жубайлар алмаз тоюн белгилешти (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарында жашаган жубайлар Шкитин Алексей менен Шкитина Мария 60 жыл бирге түтүн булатып, быйыл алмаз тоюн белгилешти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жубайлар 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата мэрия тарабынан сыйлыкка ээ болушту.

«Биз эки баланын ата-энеси болдук. 1968-жылы Казакстандан көчүп келип, чоң уулубуз ушул жерде 1-класска барды. Мен коммуналдык кызматтарда жетектөөчү адис болуп 30 жыл иштеп, жолдошум гидрокуруучу болуп эмгектенди. Эң негизгиси бири-бирибизди түшүнүп, сыйлап, сүйүп жашадык. Турмуштун кыйынчылыктарын бирге жеңип, бири-бирибизге жөлөк болдук. Мындан улам бекем үй-бүлө кура алдык деп ойлойм. 60 жыл бирге түтүн булатып, быйыл алмаз тойду белгиледик. Азыр келин-уулубуз менен чогуу жашайбыз», - деди М.Шкитина.

Мындан тышкары, 50 жыл бирге түтүн булаткан жубайлар Шакирбаев Сапарбек менен Шакирбаев Үрүш, Үсөнбаев Кенже менен Үсөнбаева Анаркан, Эсекеев Акмат менен Жардамова Токтокан мэриянын сыйлыктарына татышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×