Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.10.2019 16:46 Жаңыланды: 01.10.2019 18:16

«Торпок кулак эмне экенин түшүнбөй...» Мугалим А.Кыдырмаеванын баяны (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 69 жаштагы тургуну Кыдырмаева Айкүл 45 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенет. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1950-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетинде билим алган.

Эмгек жолун 1974-жылы Бостери айылындагы орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1975-1983-жылдары Ак-Суу районундагы мектеп интернатында тарбиячы болуп иштеген. 1983-1990- жылдары Бөкөнбаев айылындагы №1 мектепте мугалим, 1991-1997-жылдары Кара-Көл шаарындагы №1 мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенди. 1997-2000-жылдары Баткен шаарындагы №1 мектепте мугалим, 2003-жылдан бери Кара-Көл шаарындагы №1 мектеп-гимназиясында география сабагынан мугалим болуп иштейт.

«1970-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылына келин болуп келдим. Ал кезде жолдошум юридикалык факультеттин 1-курсунда, мен география факультетинде 2-курста окучумун. Биз сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Жаңы келин болуп келгенде бул аймакта колдонулган кээ бир сөздөрдү түшүнбөй калчумун. Бир жолу кайын энемден «апа, эмне тамак жасайын?» деп сурасам, ал: «торпок кулак эле жасачы» деди. Ал эмне тамак экенин түшүнбөй, кайра өзүнөн сурагандан уялып, кайын сиңдимден сурадым. Ал «камырды жууруп, жайгандан кийин төрт бурчтуу кылып кесип, шорпого саласыз» деп түшүндүрүп берди. Ошондон кийин торпок кулак кандай жасаларын билдим», - дейт ал.

Ал жолдошунун кызматына байланыштуу өлкөнүн бир нече аймактарында жашап, иштөөгө туура келгенин айтат.

«Жалпы 45 жыл билим берүү тармагында эмгектендим. Жолдошум Жаныбек Чаргынов 18 жыл Ысык-Көл районунда, 8 жыл Кара-Көл шаарында, 3 жыл Баткенде сот болуп иштеди. 2003-жылы оорудан улам көз жумду. Кайсыл жерге барып иштебейли географ мугалим үчүн сааттар аз болчу. Жолдошум «өзүңдүн кесибиң менен иште» десе болбой, башталгыч класстардын мугалими жана адистердин жетишсиздигинен улам тарых, сүрөт, кол эмгек, кыргыз тили сабагынан мугалим болуп дагы иштеп жүрдүм», - деди А.Кыдырмаева.

Анын айтымында, ага таенеси 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш тууралуу көп айтып берген.

«Таенемдин колунда чоңоюп, ал кишинин жасаганын үйрөнгөнгө аракет кылчумун. Бардык иштин майын чыгарып жасаган, тамактарды мыкты жасай билген өтө таза аял эле. Орустардын кызматчысы болуп иштеген. 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштө Кытайды көздөп качып, үй-жайы, тамагы, эч нерсеси жок ачка калышкан экен. Бирок ага карабай, бир ууч талканды бөлүшүп жеп жан багышкан экен. Башынан өткөн кыйынчылыктарды мага айтып берип, көптөгөн кеңештерин берчү эле», - деди ал.

А.Кыдырмаева 1987-жылы «Эл агартуунун отличниги» наамы менен сыйланган. Ошондой эле бир нече ардак грамоталарга татыган. Ал 3 уул, 1 кыздын энеси. 5 небере жана 1 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×