Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 30.09.2019 20:30

Тогуз-Тородо дыйкандардын комбайнга болгон муктаждыгы чечилди (сүрөт)

Turmush -  Тогуз-Торо районуна караштуу Көк-Ийрим айыл аймагында 1990-жылдан бери биринчи жолу комбайн сатылып алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фонду 4 миллион 521 миң сом бөлгөн.

Техниканы тапшыруу аземине облусту өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Танзилия Сатимова, байкоочу кеңештин мүчөлөрү, Тогуз-Торо районунун акиминин орун басары Улан Иманбердиев катышты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, эл кылкандуу дан эгиндерин жыйноодо кыйынчылыкка кабылып келишкен. Былтыркы жылы Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынан эки комбайнды ээси менен сүйлөшүп алып келишкен. Күйүүчү майга кеткен каражатты эл топтоп, айдоочуларды кезектешип үйлөрүнө түнөтүп, тамак-аш менен камсыздап турушкан.

Кылкандуу дан эгиндерин гектарына 400 миң сомдон ордурушкан. Жолдун жамандыгынан айрым комбайн ээлери барбай койгон жылдары эгиндери жыйналбай, талаада калган учурлар дагы болгон.

«Биз буудай, арпа эгип, бир дан жыйнай албай калган жылдар болду. Ошондон улам жердин баары бош калган болчу. Кырманыбыз данга толсо көңүл ток жашайбыз да. Бизге бир аз арзандатып, иштеп турса болду. Эмдиги жылы эгин эгүүнү көбөйтөбүз», - дешти алар.

Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фонду 2014-жылы уюштурулган. Быйыл фонд бардык райондордон келген 40тан ашык долбоордун ичинен 19 долбоорду тандап алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×