Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 30.09.2019 12:05

Майлуу-Сууда жаш жоокерлер күзгү аскердик кызматка узатылды (сүрөт)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында 29-сентябрда күз мезгилинде чакырылган жигиттерди аскердик жана альтернативдик негиздеги кызматка узатуу аземи болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Рахманалы Султанбаев, Ооган согушунун, Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин төрагалары Жунусали Султанов жана Сабихилла Султанов, ардагерлер Ырысбек Чыбыкеев, Дөөлөтали Кулибаев, Расул Кулуев жана жоокерлердин ата-энелери катышты.

Аземде Майлуу-Суу шаардык аскер комиссариатынын аскер комиссары, капитан Aбазбек Жанболотов аскердик кызматка баруучулардын саны жыл санап өсүп жатканын белгилеп, жаш жоокерлерге ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ал чакырылгандар ИИМдин ички аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлөрүн айтып, жоокерлерди тарбиялаган ата-энелерге ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×